Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Балкаш көлү Арал деңизинин тагдырын кайталайбы?


Балкаш көлү, Алматы облусу. 13-апрель, 2019-жыл.

Балкаш көлүнүн соолуп жатканы NASAны тынчсыздандырды. Коронавирусту жуктуруп алууга ийкемдүү гендик үлгү аныкталды. Жаңы тил үйрөнүп жатканда колго жазуу алда канча натыйжалуу. Бул тууралуу “Азаттыктын” “Илим жаңылыктарында” айтып беребиз.

Балкаш көлү Арал деңизинин тагдырын кайталайбы?

NASA агенттиги аянты боюнча дүйнөдө 15-орунда турган Казакстандын чыгышындагы Балкаш көлүнүн соолуп баратканына тынчсыздануусун билдирди. Бул маалыматты дүйнөдөгү суулардын абалына байкоо салган Circle of Blue уюму жарыялады.

Грайсфальд жана агротокойчулук боюнча бүткүл дүйнөлүк борбордун Орто Азия боюнча кеңсесинин илимий кызматкери Нильс Тевс NASA агенттигине берген маегинде: “Иле дарыясынын жээгиндеги саздактуу жерлер мындан 50 жыл мурдагы Арал деңизинин жээктерине окшошуп жатат”, - деди.

Эске салсак, Казакстандын түштүк-батышында жайгашкан Арал деңизи 1960-жылдардан баштап тартылып, 2010-жылы дээрлик соолуп калган.

Учурда Орто Азиядагы ири көл жашыл жана күрөң түстөгү суусу жок ландшафтка айланып барат. Кытайдын түндүк-батышынан агып келген Иле дарыясынын агымы 1970-жылдан бери тынымсыз азаюунун үстүндө. Ал эми акыркы 20 жылда аталган дарыянын жээгинде айыл чарбасы үчүн колдонулган жердин аянты 30% көбөйгөн. Мындан тышкары, Балкаш тоо-металлургиялык комбинаты жылына коргошун, цинк жана жез сыяктуу 600 миң тонна өндүрүш калдыктарын чыгарат.

Эксперттердин айтымында, Балкаш көлүнүн соолушу биологиялык ар түрдүүлүктүн кескин кыскарышына алып келет. Көлдүн экосистемасы өсүмдүктүн 60 түрүн, жоголуп кетүү коркунучу бар куштардын 12 түрүн жана башка бир дагы жерде кездешпеген балыктын алты түрүн өзүнө камтыйт.

(Булак: https://www.circleofblue.org/)

Коронавируска чалдыгууга ДНК үлгүсү күнөөлүүбү?

Айрым адамдардын коронавирус илдетин башкаларга караганда оор өткөрүп жатканына алардын ДНК үлгүлөрү себеп болушу мүмкүн экенин ScienceNews порталы Nature басылмасына шилтеме жасоо менен жарыялады.

Коронавируска чалдыккан 45 миң киши катышкан изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, адамдардын ДНК үлгүлөрүнүн өзгөрүшү алардын коронавирус илдетин көтөрө алышына таасирин тийгизет. Айрымдар оорудан кыйналып жаткан учурда, айрымдардын ооруп жатканын анчейин сезбегени ушуга байланыштуу.

25 өлкөдөн 3300дөн ашуун адис жүргүзгөн бул изилдөө коронавирус жеңил жуга турган 13 генетикалык вариантты аныктады.

Буга чейин кандын тобу менен ооруну жуктуруп алуу ыктымалдуулугунун байланышы бар экени белгилүү болчу. Бул изилдөө ал аныктама туура экендигин дагы бир жолу ырастады. Бирок эмнеге каны 1-топтогу адамдар ооруга көбүрөөк туруштук бере алары белгисиз бойдон калууда.

Жаңылык катары FOXP4 деп аталган гендин вариантын атоого болот. Ал COVID-19дун оор түрлөрүнө байланыштуу. Гендин бул варианты барлар өпкө ооруларына тез чалдыгары буга чейин айтылып келген. Эми FOXP4 генинин активдүүлүгүнө бөгөт кое ала турган дары табылса, коронавирустун оор түрүнө чалдыккандарды дарылоо жеңилдейт.

“Гендин бул түрүн алып жүрүүчүлөр Европада 2 же 3, Жакынкы Чыгышта 7, Түндүк жана Түштүк Америкада 20 жана Чыгыш Азияда 32 пайызды түзөт”, - деди генетик Марк Дейли.

(Булак: https://www.sciencenews.org)

Тил үйрөнүүдө колго жазуу натыйжалуу

Күнүмдүк жашообузда биз клавиатурада көп терип, дээрлик калем кармап кагазга жазбайбыз. Тамгаларды терген бир топ ыңгайлуу болгону менен, колго жазуу тил үйрөнүүдө бир топ натыйжалуу жыйынтык берерин кезектеги изилдөө далилдеди.

Изилдөөчүлөр 42 ыктыярчыга араб алфавитин нөлдөн баштап үйрөнүү тапшырмасын берген жана аларды үч топко бөлгөн. Биринчи топ тамгаларды кагазга жазса, экинчилери клавиатурада терген. Ал эми үчүнчү топтогулар видеосабактарды көрүп үйрөнмөй болгон.

Тамгаларды колго жазып машыккандар тааныш эмес тамгаларды тез жаттап эле тим болбой, сөз куроону, муундап окууну, мурда такыр билбеген сөздөрдү окуп түшүнүүнү үйрөнө алышкан. Ал эми тамгаларды терип жана визуалдык шартта үйрөнүп жаткандарга белгиленген максатка жетүү үчүн көп убакыт керектелген. Үч топтон сынак алынган учурда дагы колго жазгандар артыкчылык көрсөтө алган.

Албетте, 42 киши мындай изилдөө үчүн жетишсиз болушу мүмкүн, бирок бул изилдөө санариптик доордо дагы калем, кагаз актуалдуу бойдон калып жатканын көрсөтөт. Учурда мектептерде окуучулар колго жазууга мурдагыдан азыраак убакыт бөлүшөт. Изилдөөгө катышкан Жон Хопкинс университетинин когнитивисти Бренда Рапп “Бул изилдөө эмнеге балдардын кол менен жазуусу маанилүү деген суроого жооп. Ата-энелер, мугалимдер муну ойлонушу керек”, - деди ал.

(Булак: https://www.sciencealert.com)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG