Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Узун максат, кыска өмүр


Сатыбалды Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан эгемендигинин отуз жылдыгы тарыхый мерчемден алганда анчалык деле узак убакыт эмес. А бирок бул учур кыйла оор, татаал, карама-каршылыктуу болду. Мындайда жаш мамлекеттин жаңыдан бутуна тура баштаган кездеги саясий ишмерлер эске түшөт. Сатыбалды Жээнбеков сап башындагылардын бири болчу.

Сатыбалды Жээнбековдун элге алынып, кыргыз саясий айдыңындагы алгачкы ишмерлер катарына кошулуп калышы коомдук-тарыхый жагдайлардан улам болду. 70 жыл ашуун жашаган социализм тарыхый аренадан “күп” этип кулап түшпөсө, оголе көп саясий ишмерлердин “багы ачылбай” көптүн арасында билинбей кала бериши толук мүмкүн эле. Антсе да өз учурундагы дурус деген билимге ээ болуп, айылдык мугалимдигин таштап борбор шаар Фрунзеге келе бериши ал кишинин өмүр жолундагы жаркын барактарынын бири болгон экен.

Кыргыз тележурналистикасында орус-кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн коңур үндүү таланттарды беш манжа менен саноого болот. Ошондон анын ысмы чыгармачылык чөйрөгө тез таанылып, элге белгилүү болуп калган кезинде горбачевдук “кайра куруунун” шарданы жалгыз Сатыбалды Жээнбеков эмес, биртоп коомдук-саясий ишмерлердин багын ачты. Илим менен чыгармачыл чөйрөдөн келген ал топту "демократтар" деп коюшчу. Биринчи жолу башын ороп ачкалык жарыялагандар коммунисттик бийликке сын айтып, көбүн чочутуп, бир тобун бейпайга салган өзүнчө топ тарыхый бурулуш жасап, өлкөнү башка системага салары ал кезде эч кимдин оюна келе элек.

Сатыбалды Жээнбеков ошол биринчи чыккандардан болчу, айтчу сөзүн тартынбай жарыя кылып, анысы бирөөлөргө жакканы менен экинчилеринин куйкасын куруштарын деле эсепке алчу эмес.

Ал киши үчүн демократиядан ашкан баалуулук, андан мыкты түзүлүш, багыт жок эле. Анын алгачкы алиппесин Балтика боюндагы республикалардан алып, мурдагы союздук республикалар арасында прогрессивдүү жаштардын кыйласы ичара байланыш түзүп, жашырын барышып, кожогой коммунисттик диктатураны кулатып, ордуна демократиялык түзүлүштү орнотууну жактагандар болчу.

Замандаштары эскергендей, ал баарынын ыкчам, так, калыс болушун жактырчу. Ушул мүнөзү аны башында колдоп чыккан туңгуч президент Аскар Акаев менен мамилесинин суушуна, оппозиция катарына өтүшүнө алып келди. Айтылуу ГКЧП окуялары тушунда ал туңгуч президентти колдоп, мамлекеттик телерадио аркылуу калыс, ыкчам, так маалыматтарды берип, чоң борбордун көзүн карап тургандарды айран таң калтырган.

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жаңы бийликтин сынчысы

Сатыбалды Жээнбеков мамлекеттик телерадио комиетинин жетекчиси кезинде мамлекет башындагылар эле эмес жаңыны эңсегендердин кыйласы арасат турушчу. Коммунисттик система урап калат деген кимдин капарына келиптир?! А бирок урап калчу системаны сактап калуунун соңку аргасын Кремлдеги бир ууч топ 1991-жылдын августунда баштаган. Москва толкуп, эңгезер империянын жер-жерлердеги төбөлдөрү жаңыны колдойлубу же эскини калтыралыбы суроосун так чече албай, айласы кетип, арасат турган ГКЧП төңкөрүшү маалында Сатыбалды Жээнбеков башкарган мамлекеттик телерадио комитети чоң борбордогу жаңылыктарды калыс, объективдүү, анан ыкчам чагылдырып турду.

Сатыбалды Жээнбековдун сөз эркиндиги, журналистиканын эл аралык принциптерин ишке ашыруу жаатындагы эрдикке тете иши дал ушул кысталыш кырдаалда көрүндү. Кийин кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов “Окуялар, адамдар (Миң бир күн)” деген эскерме баянында минтип жазган:

“Колуна курал алып согушпаган менен Сатыбалды ГКЧП күндөрүндө кадимки баатырдыкты көрсөткөн жигит. Эмнесин жашырабыз, кошуна өлкөлөрдүн телеберүүлөрү 19-20-21-августтарда ГКЧПнын билдирүүлөрүн гана берип туруп албадыбы. Казак, өзбек телеберүүсү ал түгүл 20-августтагы Ельциндин Москва аянтында танк үстүнө чыгып путчисттерге каршы сокку урган мезгилин да бербептир. Ошолордун бардыгын коңшу мамлекет элдери керт башын тобокелге салып бардык чындыкты тайманбастан ачык айтып турган кыргыз телеберүүсүнөн көрүп, ГКЧПнын кимдер экенин түшүнүшкөн”.

А бирок Сатыбалды Жээнбековдун ири маалымат каражатындагы реформасы көнүмүш орунга бекем отуруп алган кесиптештерине, анан бийлик башында отургандарга жакпай, кызматынан алынып башка ишке которулду.

Президент А. Акаев менен жанындагы акыл кошчулары ушуну менен дымактуу демократты саясий талаадан четтетебиз деп ойлогон болуу керек. Саясий тиреш Сатыбалды Жээнбековдун табигый жөндөм-шыгынын дагы бир өңүтү – публицистигинин ачылышына арык чаап берди. Жаңы бийликтин тартынбас сынчысы парламенттин орус тилдүү “Свободные горы” гезити болуп, басылманын активдүү авторлорунун арасында каймана аты менен Сатыбалды Жээнбеков жүрдү.

Азыркыдай интернет тарала элек кезде басма сөздүн окумдуулугу бийик, андагы курч макалалардын автору окурмандардын сүймөнчүгү, редакторлордун жакын досу болчу. Публицистика анын саясий ишмердигинин мейкинин кыйла кеңейтти. Буга чейин айта албай келаткан акыйкаттарын жарыя кылышына мүмкүнчүлүк түздү. Жаш өлкөнүн тежемелдигин, элибиздин бир даары ушу кезге чейин кокту-колот психологиясынан, мамлекет жасап бериши керек деген жанбактылык сезимден арыла электигин, анан бийлик башындагы адамга тиешелүү кемчилик-мүчүлүштүктөр, анын жасап жаткан ишиндеги жаздым басуулар жаап-жашырылбай ачык жазылып турду.

Мунун баарын ал өлкөбүз тезирээк оңолуп кетсе экен, бай мамлекеттер катарына кошулсак деген изги тилектен жасаган. Чынчыл автор эмнеликтен дурус башталган иштердин кыйласы артка кетип, өлкө экономикалык жагынан кескин алдыга жылбай, кендирди кескен кедейчиликтин азайышы ташбака жүрүшүнөн чыга албай турганына, дагы башка толгон-токой проблемаларга жаны ачып, байгерчилик замандын келиши кечигип жатканына ичи чыкпаса керек.

Сатыбалды Жээнбеков кесиптештери менен. Архивдик сүрөт.
Сатыбалды Жээнбеков кесиптештери менен. Архивдик сүрөт.

Мекенге сүйүү

Сатыбалды Жээнбеков Кыргызстанды аябай сүйчү, анын өткөнү менен учурдагысына сыймыктанып, Кыргызстан түндүк-түштүккө, батыш-чыгышка бөлүнбөй, кыргыздар нукура улут катарына кошулуусун, анын алдыга жылышына будоо болуп жаткан тоскоолдуктардан эртерээк кутулуп, өлкөнү ичтен ириткен трайбализм менен кландык башкаруудан бачым кутулса экен деген тилекте жүрчү.

Жаш өлкөнүн кендирин кескен социалдык илдеттерди жашырып-жаппай ачык айтчу. Мекенине делген ысык сезим Орусияда окуп жүргөндө ойгонгонбу же бала кезинде адырда кой жайып жүргөн кезинде эле аң-сезимин уялап алганбы, болбосо каргадай кезинде жайлоонун шүүдүрүмү бутун үшүтүп, таш булактын тиш какшаткан муздак суусун кана жутуп, кымыздык менен ышкынын терип, тай-кунан минчү кезинде ойгонгонбу – бул сырды ал өзү менен кошо ала кетти.

Жаштыктын болуп-толуп турган курагында адам илгери үмүткө өзгөчө берилет, ошого ишеним артып жашайт. Жаңыдан түндүгүн көтөрүп өз алдынча жашоонун жолуна түшкөн мамлекет деле ошондой. Сатыбалды Жээнбеков тууралуу кеп кылганда мына ушул жагдайды - кыргыз демократиясынын “пионер кезин” эстейсиң, анын ары кызыктуу, ары татаал, карама-каршылыкка жык толгон тарыхый учурлары көз алдыңдан өтөт. Анын пенделик жашоо-турмушу жаңыдан телчигип келаткан кыргыз демократиясынын кызыктуу учуруна туш келди. Жасаган аракет-кыймылдарынын баары өлкө кызыкчылыгына, демократиялык өнүгүү жолуна түшүүсүнө кол кабыш кылуу ниетинен чыкканын мезгил ырастады.

Убакыт дегениң ушул тура, андан бери чейрек кылым ашуун убакыт өттү. Бул аралыкта өлкөбүз бийликти күч менен үч ирет алмаштырууну башынан кечирди, башмыйзам канча ирет жаңыланганын, саясий окуялардын жыштыгын, тез-тез алмашылган өкмөттөрдү, тагылган милдетин так аткарууга чама-чаркы жетишпей жаткан парламенттин абалын, дагы башка саясий турмуштан жаралган ополтоо суроолорду бул ирет козгобой эле коёлу.

43 жашында капыс өлүмгө туш келбесе Сатыбалды Жээнбеков Кыргызстандагы ири окуяларга карата пикирин билдирип турмак, кемчиликтерин көрсө тартынбай парламент дарчасынан айтып чыкмак. Өкүнүчкө, анын саясий айдыңдагы жолу жаңыдан ачылып, бергенинен бере элеги, жасаганынан жасай турганы көп чагында капыс ажалга кабылып, бу жалганды таштап кете бергени арман болуп калды.

Ушул жерден кыйла жылдардан бери эстеген сайын көңүл ооруткан бир учурду эскер кетким келип турат. Ал кишинин каза болгонун, сөөгүн айылга алып кетип жатышканын капыс угуп эски аэропортко барсак, биртоп киши чогулуп калган экен. Сөөктү алып бараткан депутаттардын арасынан Дооронбек Садырбаев, кайран Докем, чогулгандарга айылга учуп жатышканын, ушундай жаман иш болуп кеткенин айтты. Көп кармалбай тик учак карылдап-шарылдап көккө көтөрүлдү. Дооронбек акенин “ушинтип Сатыбалдыны ташбоор ажалга алдырып ийдик” деп көзүн жаштап айтканы алигече эсимде.

Докем пикирлеш инисин аябай жакшы көрчү. Ал шайлоо тоскоолдугуна кабылганда жер-жерлерге барып жыйындарда сүйлөп, парламенттеш инисин ачык колдоду.

Оппозиция

Оппозиция ал кезде Топчуке жетектеген Бишкек гуманитардык университетинде жолукчу. Эркин Шерниязов, Чапырашты Базарбаев, Сатыбалды Жээнбеков менен ушул жерде таанышкам. Сатыбалды Жээнбековдун саясий жылдызы жанып, чыккан макалалары уу-дуу кепке арзып, демократтардын жыйындарында чыгып сүйлөп саясий ишмер катары таанылып калган учуру.

Парламенттик гезит апачык оппозициянын сөзүн сүйлөп, айтылуу “Республика” бийликтин ар бир кадамынан кадалып ката таап турган маалы. Сатыбалды Жээнбеков, Табылды Эгембердиев, Кубан Мамбеталиевдин жазгандары мактоого арзып, кыргызча демократиянын романтикалуу учуру күжүлдөп турган кези.

Сатыбалды Жээнбеков өзү ишенген, туу туткан принциптерин коргоодо тартынчу эмес, чын сөздү бийлигине, жашына карабай айтып салчу. Ташка тамга баскандай так, анан да безге сайгандай таамай сүйлөчү таланты бар эле ал кишинин.

Бир ирет айылга барып калсам чоң апам жанына отургузуп алып: “Өй, сага окшоп “ачки” тагынган, мынабу Тайгарадан бир жигит депутат болом деп биздин айылга жолугушка келиптир. Казыбек жездеңин үкаларинан болот экен. Амирдин баласы дешти. Ой, айланайын, өмүрүн берсин, кыйын сүйлөйт экен. Тиги чоң атаңын жанында биздин айылдын адамдары чогулганынан бара калсам сүйлөп аткан экен. Айткандары баарыбызга жакты. Ошерден аялдарга айттым “депутаттыкка ушул жарагыдай, келгиле ушу жигитти колдойлу” деп. Өзүбүзчө кеп кылып, башкаларга да айтып, өмүрүн берсин, ошо баланы сүрөдүк”, - деп калды.

Дегеле ишсиз тура албаган чоң апам айылдагы кемпир-кесектердин баарын чогултуп, жамандык-жакшылыкта чогулуп калган жеринде башка айылдарга да айтып-деп отуруп ошол “көз айнекчен, бир даридай баланы” депутат кылып алышты. Жолу катуубу же ал кездеги бийлик Сатыбалды Жээнбековду өткөрбөш керек деп жогортон тапшырма алганбы, иши кылып, депутаттыкка өтүшү кыйла ары-сүр, бери-сүр менен коштолгон.

Депутаттыкка өтүш ал кезде чынында эле кыйын болчу. Азыркыдай капчыгы калың кайсы бир базарчы олчойгон акчасын партия баштыгына берип, алдыңкы орундарды ээлеп, алдын-ала даярдалган жолугушууларга барып калк алдында сүйлөсө сүйлөп, сүйлөбөсө ырчы-чоорчуларын ойнотуп баса бермей жок. Акчасына, туугандыгына, жерине карап ушул жердин кулундарыбыз деп баш көтөргөндүн кыйласы атаандаштыкка чыгып алчу.

Бирок да эл көңүлүнө жаккан талапкерин толгон-токой тоскоолдорго карабай көтөрүп кетерин, аягына чейин бекем туруп колдоп берерин ошол ирет көрсөттү. Атаандаш арасынан татыктуусун тандоо жагынан элдин саясий маданияты кыйла көтөрүлүп калган экен, ошентип Сатыбалды бийликтин тоскоолдуктарына карабай депутаттыкка өтүп кеткен.

Кыска убакка созулган депутаттык анын элине деген кызматынын соңку барагы болуп калды. 1996-жылдын майында кыргыздын чыгаан уулу табышмактуу жагдайда кайтпас сапарга кете берди.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG