Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:00

Сүйүүдөгү, өмүрдөгү "Өксүк”


Соң-Көл жайлоосу. Иллюстрациялык сүрөт.

Жунай Мавляновдун "Өксүк" аңгемесинде кысталыш кырдаалдагы жашоо-турмуш сүрөттөлгөн. Чыгармада оор жагдайга кириптер болгон келиндин арманы менен бактысы баяндалган.

“Кыргыз аңгемесинин классикасынан” Жунай Мавляновдун чыгармасында сүрөттөлгөн жаш адамдардын мамиле-катнаштары тууралуу айтып беребиз.

Жайдары келин

Бойго жеткен Саткынайды жакшы жердин кызы деп Токторбекке алып беришкен. Эмне дешмек, экөө эл катары жашап жатышкан. Ортолуктагы салкын-суз мамиле бири-биринен алыста жүрсө жибип кетеби деп кыйды кайнене келинин жайлоого кошо алып кеткен.

Саткынайдын ал жердеги эрмеги он эки, он үчтөгү өспүрүм кайниси. Жоош бала, болуп-толуп турган сулуу келин эриккенде ошол кайниси менен ойной кетет. Саткынай иреңи аксаргыл, көздөрү бакырайган кой көз, анан да бетинин ортосу тандыр нандын четиндей бөрсөйгөн наардуу келин болчу.

Жайлоодо түйшүк түгөнбөйт. Кой-эчки сааштан башка сүт бышырыш, тамак жасаш, казанга нан жабыш. Ал кезде элдин турмушу жүдөө. Мурдагыдай уй, бээ саамай жок, жайлоодогулардын үмүт кылганы эчки менен кой. Ошол майда жандыкты эш тутуп жайлоого чыгышат. Ишке жарамдуулардын баары айылда, чөп чапмай, эгин сугармай - толтура жумуш. Жайлоодогу кары-картаңдар, жаш балдардын арасында ишке жарамдуу келиндин жүрүшүнүн себебин териштирген деле киши жок.

Жайлоо маалында малды “айдап кел, байлап кел” түйшүгү жаш балдардын мойнунда. Эртели-кеч кемпир-кесектер кой-эчки саап жайлоо тирилиги уланып жатты. Бекбай аба менен Канымкүл эне кенже баласы Токторбекти үйлөнтүптүр дегенди мурда угушкан. Анда ала-шалбырт көктөм болчу. Жаңы келиндин илбериңки, анан сулуу, боюна тыкан экенин тойго баргандар айтып келишкен. Ошол илбериңки Саткынай боз үйдө жалгыз калганда эрмек болсун деп жанына кайнисин жөнөтүшөт. Эки кемпир чайды шашпай ичишип узун кепке киришет. Жеңеси менен кайнисинин эрмеги - жомок айтышат же чүкө ойношот.

“Мен утулуп калсам, кулагымды чойгулап, анан мойнуман толгой кучактайт да, бетимен, маңдайыман чоп-чоп дегизип өөп алат. Өзү утулуп калса:

- Кана, алиги бала, эми сен да өп, – деп бетин мага тосот да, батына албай турганымды байкап, өзү эки жаагымдан кармай берип, оозумду бетине тийгизе кызаңдар эле:

- Жеңемди өптүм деп, эч кимге айтпа, түзүкпү? – дечү, кумардуу көздөрүн жалжылдата".

Эки үйдүн жыйырма чакты улагы менен он бешке жакын козусун кайтарып келүү милдети балага жүктөлгөн. Ал эртең менен саан бүткөндөн кийин айнек бөтөлкөсүнө айрандан толтура куюп төшкө жөнөйт. Саткынай жеңеси козу-улактарды короодон чыгарышып коёт да үйдөгү иштерине кайтат. Бирок бүгүн козу-улакты кайтарышып келмек болуп калыптыр. Балага жеңесинин эркелетип, тамашалаганы жакчу. "Кайын энеси биздикине эртерээк келсе экен, мен Саткын жеңемин жанына эртерээк барсам экен" деп эңсеп калган.

Жайлоодогу эки үйдүн муну менен ойной турган теңтушу жок. Козу-улактар бийик жан боорго чыккандан кийин көк чөптү кыртылдатып киришкенден кийин койчу бош. Саткынай жеңеси буулугуп калган окшойт кайниси менен жарышып чыңк ылдый жүгүрдү. Булактан өтө берип токтоп артында келаткан балага суу чачты. Аз өтпөй кууп жетип алчы деп төмөнгө чуркады.

"Көпкө чейин байлоодо туруп буулуккан кулундай анын элириши мени бир жагынан таң калтырса, бир жагынан кызыктырат. Оюнга чакырат, черими жаздырат. Көп узатпай кууп жеттим. Кемселинен кармайын дегенмин, аңгыча болбой, бөжүп бараткан жоргонун желге сапырылган жалындай калың чачы тутамыма толо түштү. Аптыгып калганмынбы, уялуу да эстен чыгып кеткен көрүнөт, кайра оңолгуча шап кармап калдым. Саткынай жеңемин тааныш жагымдуу жыты каңшарыма дагы өрдөп кетти.

Мойнуна ороло калган колумду ошол замат чок тийгендей дароо тартып алдым да, качып жөнөдүм. Уялып кеттим. Уялганда да бул жолу өтө катуу уялдым. Чуркаган бойдон андан алыстадым да, бир арчанын түбүнө энтиге-энтиге жетип, жата кеттим. Менин уялып калганымы сезе койгонбу, эч нерсени көрбөгөн, билбеген кишидей бир оокумда жаныма жакын келди да:

- Тур, алиги бала, арчанын тээтиги бутагына мага бул жипти байлап түш, селкинчек тебебиз, – деди эртеден бери колунан түшүрбөй ала жүргөн арканын мага карматып.

Чоң арчанын жоон бутагына артылган арканды селкинчек кылышып чарчагыча тебишти. Саткынайга бирден селкинчек тебиш кызыксыз көрүндү окшойт, кемселин чечип, жиптин ортосуна арта салып алдына кайнисин отургузуп тебе баштаганда жоон бутак карс сынып, экөө жерге кулап түштү. Жеңесин баса жыгылган баланын уялганын айт, ал болсо эч нерсе болбогонсуп:

-Эч жериң ооруган жокпу? – деп күлүп турат. Ал күнү экөө ээн тоонун арасындагы жылга-кырларга күйүккөнчө чуркап, бугун жазышты".

Суз күйөө

Анан ырдап-күлүп, жыргап эс алып жаткан келиндин туруп-туруп эле ыйлай иймейи балага түшүнүксүз болду.

– Эмне ыйлайсыз? – дедим, өзүмдү араң токтотуп.

– Тим эле кагылайын, алиги бала, эмне үчүн көзүмөн жаш чыкканын өзүм да билбей турам... Сагынам...

– Кимди?

Башымды көкүрөгүнө тарта күлүмсүрөп тим болду:

– Билбейм.

Көзүндө толо дагы жаш турду. Аны аяп кеттим. Эмнеликтен аны аяганымды ошондо бирөө сурап калса, себебин түшүндүрүп бере алмак эмесмин. Анын бир нерседен өксүп жатканын жүрөгүм туйгандай болду. Көзүмдү ирмебеске канчалык аракет кылсам да, ирмелип кетти...

Бала жеңесинин ичиндеги катылуу сырды кайдан билмек эле. Анын “бул жерде көргөндөрүңдү эч кимге айтпа” деген сөзүнө ишенип, бирок толгон суроолорго жооп таба албай жүрдү. Баёо элеттик бала агасы менен жеңесинин жашырын сырын биле элек. Анысын жайлоого Токторбек акеси мал санакка келдик деп булардыкына бурулуп кеткенде деле билбеди.

Токторбек айылдык кеңеште катчы болуп иштечү. Сырт келбети толмоч келген, кырдач мурун, эки таноосу кеңирээк, нур жүздүү, салабаттуу жигит болчу. Бул ирет андыганы эле агасы менен жеңеси болду. Токторбектер келгени Саткынайдын басыгы өзгөчө чыгып, өңү кулпуруп кетиптир. Анын кызарган жүзүнө, албырттаган абалына көңүл бурбаган Токторбек гана болду окшойт. Негедир кабагы салыңкы, бир нерсеге нааразы болгондой отурду.

Башкалардан уялып Саткынай күйөөсүн боз үйдүн туурдугунан карап, кайнисинен “мында калабыз дешип жатабы” деп сурады. Бала аны айтышпаганын, бирок “калышат да, жатканы келишкендир”, деп кобурап койду. Анысына жеңеси анча деле ишенбеди окшойт, жооп бербей билинер-билинбес үшкүрдү. Апасынын “жатып кет” дегенине көнбөй, Токторбектер мал санакты шылтоо кылышып ал күнү аттанып кетишти.

Алар аттанып жатканда Саткынай жеңем баягы туурдуктун тешигинен дагы шыкаалап турганын мен көрүп калдым. Бул жерде эч кимиси, эч нерсеси калбаган эмедей Токторбек аке тиги экөөнүн алдына түшүп алып, кыядагы жол менен тумшукту имерилгенге дейре канча жол болсо да, артына бир бурулуп койбоду.

"Саткынай жеңем, сөзсүз, ыйлады" дедим ичимен. Чын эле ыйлаптыр. Козусун жерип, эмиздирбей качып жүргөн чунак кулак көк токтуну кармай албай кууп жүрсөм, үйдүн арт жагында Саткынай жеңем шолоктоп ыйлап туруптур. Баягы тоого бирге чыккандагыдай анын көз жашын көрүп, менин дагы зээним кейиди, өпкөм көбө түштү. Көзүмө жаш толду.

Жанына келип токтой калганымы көрүп:

- Кой, айланайын, алиги бала, биерге турба, бара бер, кийин өзүм айтам, – деди менин андан эмне жөнүндө сурай турганымды билгенсип.

Токторбек акем өзү айткандай эртеси деле бул жерге кайрылып келген жок. Энесин гана нааразы кылгысы келбей, "тийип өтөм деп койсо керек".

Ошондон кийин Саткынай булардыкына баш бакпай, өзүнөн өзү корунгансып, суз жүрүп калды. Анан бир күнү түйүнчөгүн көтөрүп жолго чыгып алыптыр. Баланын таң кала карап калганына деле көңүл бурбай:

- Мен эми кетип баратам, атайы сени көрөйүн деп гана быякка кайрылдым, - деди.

Анысы кайната, кайнененин көөнү деп жүрө беришим болбостур деп артына кайткыс болуп кетип баратканы экен. Ошол жерде кыйладан бери катып келаткан ичтеги сырын ачык айтты:

- Өзүң көрдүң го, акең мени жакшы көрбөйт. Келген күндөн бери анын буту али менин төшөгүмү баса элек.

Башка эмне демек. Баарысы ансыз деле дайын боло баштаган.

Ажырашуу

Келини кеткенин кайненеси кечинде билди. Кемпир буркан-шаркан түшүп кейиген деле жок.

Бир эсептен кеткени да ырас болуптур. Башың өскөн баламда айыптын баары, келинди алып келгендин эртеси эле, таң ирең-бараңда туруп баратып, далистеги жаткан экөөнөн ичим муздаган. Ортолоруна жуурканды бүктөп коюшуп, экөө төшөктүн эки бурчунда жүздөрүн тескери буруп жатышыптыр” деп атпаспы. Айтымында кийин деле экөөнүн бири-бирине ышкысы артпаптыр. Жакада калып, экөө эки жакты карап жатышса, жаш неме бирөөнүн тилине кирип кетип калбасын деп, эстүү кайнене келинин жайлоого алып келген экен.

Анан карабайсыңбы, бир жарым айдан бери көрбөгөн ууздай жарына бир бурулбай кетип калганын. "Карабаса катын кетет, бакпаса мал кетет. Кетер келин кетиптир” деп энеси шуу үшкүрүп кала берди.

Кийин Токторбек аскерге кеткен бойдон кайрылып келбеди. Канмайдандан кайтпай калды. Саткынай жеңеси ошол эле колхоздогу Жорокул деген жигитке турмушка чыгып, андан бир балалуу болуп жашоо-турмушун улантып жаткан экен. Айылга артисттер келиптир деп концертке барган жеринен Саткынай жеңесине учурашып калса оюнсаак келин “баягылар эсиңдеби” деп сурап жатпайбы. Баарысы баланын эсинде болчу. Сулуу жеңесинин оюнкарак учуру өксүк менен өткөнү, жайлоодогу тамашалары кантип жадынан чыксын. Өрөпкүткөн жаштыгы күйөөсүнүн салкын мамилесине урунуп, кыйла учуру көз жашка сугарылганын ал өзү деле эстейт болуш керек.

Кайниси менен жолукканда Саткынай жаңы турмушуна ыраазыдай көрүндү. Жайлоодо колундагы кушун качырган мүнүшкөрчө элеңдеп, жаштык кумарын издеп жүрчү эле, эми баарысы жайына түшүп, көңүлү куунак окшойт.

Токторбек акенин жайлоого баргандагы ар нерсеге суз тиктеген сумсайыңкы өңү, бирок жылдыздуу жүзү али эсимде. Бармагын кесе тиштеп, бир нерсеге купуя өкүнгөндөй, аянычтуу элеси алигиче таңды-кеч көз алдыман оолактабайт. Көрсө, а да өксүк тура, анын жүрөгүнөн орун алган Саткынай эмес, башка экен да! Ушуларга көзүм жеткен соң, мурда жек көрүп жүргөн Токторбек акеме, анын тагдырына боорум ооруду.

Иниси баарын кеч билди. Ошентсе да Токторбек менен Саткынай ата-энесинин айтканынан чыкпай, бирин-бири жактырбаса деле баш кошконго макулдугун беришкени балага табышмак бойдон калды. Саткынай го кыз экен, ата-энесинин айтканынан чыга албаптыр. Токторбек айылдык кеңештин активи, кантсе да эркек таана эле го. Келини кетип атканда кайненеси капа болуштун ордуна, анын алдында өзүн күнөөлүү сезип отурганында кеп бар тура. Эне байкуш эми баласы жактырганын алып бериш керек экен деп ойлоп отургандыр.

Жунай Мавлянов экинчи дүйнөлүк согушка катышып, канмайдандан жарадар болуп келген жазуучу. Чыгармачылыгын ыр жазуу - акындык менен баштап кийин кара сөзгө ооп, бир топ аңгеме, повесть, романдарды жараткан. “Өксүк” аңгемесин автор 1956-жылы жазган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG