Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Жуматаев: Коом кандай болсо, окумуштуу ошондой


Мурат Жуматаев.

Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өттү.

Анын жыйынтыгында шайланган айрым окумуштуулар боюнча коомчулукта нааразылык жаралды. Акыркы кырдаал боюнча Улуттук илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев "Азаттыкка" маек курду.

- Муратбек мырза, 5-августта Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясына академиктер жана мүчө-корреспонденттерди шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы коомчулукта абдан көп талкууланды. Айрымдар мүчө-корреспонденттикке татыксыз, бийликке жакын адамдар келип калды деп сынга алышууда. Академиянын президенти катары соңку шайлоонун жүрүшү жана жыйынтыгын кандай баалайсыз?

- Академияда дайыма эле ушундай сөздөр айтылып келген. Бул жолку шайлоонун өзгөчөлүгү 11 жылдан кийин өткөнүндө болуп жатат. Жаңы шайланган курамдын деле 90 пайызы нагыз окумуштуу, өмүр бою илимде келе жаткандар, аларга эч кимдин дооматы, сыны болушу мүмкүн эмес. 10 пайызы боюнча суроо туудурган талапкерлер бар. Аны моюнга алыш керек.

Негизи мүчө-корреспондент болуу үчүн талапкер үч шартка жооп бериш керек: илимдин доктору, профессор болуш керек, профессионалдык түрдө илим менен алектениши абзел. Ушул шарттарга жооп берсе, шайлоого катыша алат. Андан кийинкиси шайлоочулардын тактап айтканда, добуш берүүгө укугу бар академик жана мүчө-корреспонденттердин абийириндеги маселе.

Эгерде Илимдер академиясынын кадыр-баркы, репутациясы жакшы болсун десе мыктыларды шайлаш керек. Эми коомубуз кандай болсо, окумуштуулар деле ошондой да.

- Сиз өзүңүз деле айрым адамдар боюнча суроо бар экенин моюнуңузга алып жатпайсызбы... Учурда коомчулукта Министрлер кабинетинин төрага орун басары Жылдыз Бакашеванын атактуу адабиятчы, профессор Лайли Үкүбаеваны жеңип кеткенине же болбосо профессор Тынчтыкбек Чоротегин эмес, Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгон Чолпон Койчуманованын өтүп кетишине ачык нааразылыктар айтылып жатат. Мындай жыйынтыкты кантип түшүндүрөсүз? Бул илимий чөйрөдө илимге кошкон салымы үчүн эмес, кызматына же саясий конъюктурага жараша чечим кабыл алынды дегенди билдирбейби?

- Ошол эле Министрлер кабинетинин төрага орун басары бизде шайлоо процесси башталганда башка кызматты ээлеп турган. Мен бул жерде кимдир бирөөнүн дарегине шек келтиргим келбейт. Лайли Үкүбаева эжебиздин татыктуу экенине эч шек жок, ал киши менен да сүйлөшкөм. Жогоруда белгилегендей, талапкер болуу үчүн шарттар көрсөтүлгөн.

Аталган шарттарга жооп берсе, талапкер болгондон кийин калганын шайлоочу болгон академик жана мүчө-корреспонденттер чечет. Ошол эле Койчуманова жөнүндө айтсак, Конституциялык кеңешменин мүчөсү деген кызмат эмес. Мисалы, мен деле 40 жашымда мүчө-корреспондент болгом. Дагы бир жолу айтам, Улуттук илимдер академиясы шартка жооп бергендин баарын шайлоого катыштырды, калганы биздин добуш берүүгө укуктуу болгон окумуштуулардын абийиринде.

Учурда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор мага арыз менен кайрылды. Карап, текшерип жатабыз. Кандайдыр бир процедуралык эреже бузуу болсо, аны оңдогонго даярбыз.

- Ошентсе да коомдогу талкуулар, жалаң кызматта тургандардын академик же мүчө- корреспондент болушу илимге, Илимдер академиясынын кадыр-баркына шек келтирбейт деп кооптонбойсузбу? Мисалы, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жөнүндө коомчулукта көп сөз болуп жатат...

- Жок, кооптонбойм. Мисалы, Конституциялык кеңешмеге мүчө болгондор өтүп кетти деп жатышпайбы, аталган кеңешмеге биздин академиядан көрүнүктүү окумуштууларды бергиле деп суранышкан. Алар көрүнүктүү окумуштуулар болсо, Конституциялык кеңешмеге мүчө болгонсуң, бул жактагы шайлоого катышпа деп тыюу сала албайбыз да.

Мисалы, мага кайсы бир адамды өткөрөсүң деген эч кысым болгон жок. Мени тааныган адамдар жакшы билет, эгер мага кысым болсо тескери реакция башталат. Эч кандай сырттан кийлигишүү болгон жок. Президенттен шайлоону ачык-айкын өткөргүлө деген гана талап болду. Ошондуктан, атайын камералардын астында ачык койдук. Мисалы, Алымкадыр Бейшеналиев төрт атаандашы менен бирге мүчө-корреспонденттикке ат салышты. Буга чейин жалгыз талапкер болсун, эч ким койбосун деген учурлар болгон.

- Жалпысынан Улуттук илимдер академиясынын академиги же мүчө-корреспондент болуу эмне берет?

- Материалдык жактан эч нерсе бербейт. Мурдагы шайлангандар стипендия алчу. Академиктерге айына 15 миң, мүчө-корреспонденттер 7,5 миң сомдон берилчү. 2015-жылдагы өкмөттүн токтомунда "жаңы шайланган академиктер стипендия албайт" деп жазылып калган. Учурда жөн гана эл арасында кадыр-барк, наам үчүн гана мааниге ээ болуп калды. Мурдагы толкун менен эле келе жатат, эки-үч шайлоодон кийин Англия, Швециядагыдай коомдук эле мааниде болуп калат.

- Буга чейин сиз менен маектешкенде Улуттук илимдер академиясын заман талабына жараша реформалоо жөнүндө талкууладык эле. Балким ишти ушул нерселерден баштоо керектир. Себеби, илимге салым кошуу дал ушул нерсе менен өлчөнбөйт да?

- Албетте, муну менен өлчөнбөйт. Биз академиялык илим дегенде академиктерди элестетпешибиз керек. Анткени азыркы академиктердин 70 пайызы Илимдер академиясында иштебейт. Алардын көпчүлүгү ЖОЖдун ректорлору, министр жана башка өз тармагында иштеп жүргөндөр. Академиктердин 27 пайызы гана биздин мекемеде эмгектенет. Ошондуктан, бизде академик деген ардактуу наам болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG