Кыргызстандын Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист: Мехри Жафари жана Реза Адинени издөө иштери уланып жатат.
Тышкы иштер министрлиги туристтерди издөөгө куткаруучулар жана тик учактар тартылганын, издөө 6-августтан тарта жүрүп жатканын кабарлады. Азырынча иш натыйжасыз.
"Азаттык" радиосуна "Ак-Сай Тревел" туристтик компаниясы билдиргендей, Жафари менен кошо жоголгон дагы бир турист Саид Мирзаи бийик аскадан Кытайдын аймагына кулап түшкөнү божомолдонууда.
Мехри Жафаринин "Фейсбуктагы" баракчасында анын туугандары 8-августтан тарта "Мехрини табууга жардам бериңиздер" деген кайрымдуулук акциясын баштады.
2008-жылы Жафари Хан-Тенгри чокусуна чыккан биринчи аял альпинист болгон.
Анын теги ирандык, Лондондо билим алып, Британияда жашайт.(ZKo)