Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

Ооганстан: Дохадагы сүйлөшүүгө артылган үмүт


АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Дохадагы мейманканага келген учур, 10-август 2021-жыл.
АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Дохадагы мейманканага келген учур, 10-август 2021-жыл.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад Катарда "Талибан" кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. Ал талибдерди Ооганстандагы чабуулдарын токтотууга чакыра турганы кабарланды. Жоочулар Ооганстандагы алты провинциянын борборуна толук же жарым-жартылай көзөмөлүн орнотту.

Ооганстанда уруш күчөп турган учурда Кошмо Штаттардын чабарманы Залмай Халилзад Катардын баш калаасы Дохага келди. Бул шаарда "Талибан" кыймылынын саясий кеңсеси жайгашкан. Халилзад үч күндүк сүйлөшүүлөрдүн алкагында талибдерди кепке келүүгө чакырганы турат.

"Халилзад "Талибанды" аскердик чабуулдарын токтотууга жана саясий мунасаны талкуулоого көндүрүүнү көздөйт", - деп айтылды Мамлекеттик департаменттин 9-августтагы билдирүүсүндө.

Аны менен катар АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандагы коопсуздукка байланыштуу кырдаал "туура эмес багытта кетип бара жатканын" эскертип, ооган өкмөтүн өзүн коргоо үчүн дагы көбүрөөк чара көрүүгө чакырды.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби 9-августтагы маалымат жыйынында Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жоочулар бир нече шаарды басып алганына карабастан, ооган армиясы өлкөнү талибдерден коргой аларын айтты.

"Бул - алардын куралдуу күчтөрү, бул - алардын провинцияларынын борборлору, алар коргой турган адамдар. Бул [өлкөнүн] жетекчилигине жана алар ушул тапта кандай мүмкүнчүлүгүн көрсөтө алаарына жараша болот", - деди Жон Кирби.

10-августта ооган президенти Ашраф Гани Кабулдан кайрылуу жасап, Ооганстандагы талаа командирлерин өкмөткө колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ал ошондой эле ооган жарандарын өлкөнүн демократиялык багытын коргоп калууга үндөдү.

Кундуз шаарындагы талиб жоочулары. 9-август, 2021-жыл.
Кундуз шаарындагы талиб жоочулары. 9-август, 2021-жыл.

АКШ жана ага өнөктөш өлкөлөр өз күчтөрүн 1-майдан тарта Ооганстандан чыгара баштагандан бери талибдер чабуулдарын күчөткөн. Андан бери жоочулар Ооганстандын бир топ аймактарын, анын ичинде Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш райондорду да басып алды. Талибдер акыркы бир апта ичинде эле 6 провинциянын борборуна толук же жарым-жартылай көзөмөлүн орнотту.

9-августта өлкө түндүгүндөгү Саманган провинциясынын негизги шаары Айбак жоочулардын карамагына өткөнү белгилүү болду. Провинциянын губернаторунун орун басары Сефатуллах Самангани жоочулар шаарды толук көзөмөлдөп калганын билдирсе, талибан кыймылы калаадагы бардык өкмөттүк кеңселер жана полиция бекеттери "тазаланды" деп жарыялады. Ооганстандык журналист Билал Сарвари Айбак шаары эч кандай каршылыксыз талибдерге өткөнүн жазды.

Ага чейин "Талибан" кыймылы Ооганстандын түштүк-батышындагы Нимроз провинциясынын борбору Заранжга, Жаузжан провинциясынын борбору Шибарганга, Тахар провинциясынын башкы шаары Талуканга жана Сари-Пул провинциясынын ушундай эле аталыштагы шаарына көзөмөлүн орноткон эле.

Ошондой эле өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз шаарынынын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп алган. 375 миңдей калкы бар, Ооганстандагы эң маанилүү стратегиялык шаарлардын катарында турган Кундузда өкмөттүк имараттардын баары талибдердин колуна өткөнү ырасталган. Бирок Ооганстандын Коргоо министрлиги "Кундуз кулады" деген маалыматтарды четке кагып жатат.

9-августта Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мирваис Станикзай ооган күчтөрү жоочулардын чабуулдарынын мизин кайтара аларына ишендирди.

"Душмандын Кундуз, Шибарган, Саманган жана Сари-Пул провинцияларындагы чабуулдары уланып жатат. Коопсуздук күчтөрү каршылык көрсөтүп, Кундузда жана башка шаарларда жылыш жасады. Душман чоң жоготууга учурады. Басымга кабылгандыктан, душман Мазар жана Пули-Кумри шаарларына багыт алууда. Ал жакта бекем коопсуздук чаралары көрүлгөн", - деди Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Мирваис Станикзай.

Уруштан улам жер которууга аргасыз болгон ооган үй-бүлөлөрү. Кабул, 9-август 2021-жыл.
Уруштан улам жер которууга аргасыз болгон ооган үй-бүлөлөрү. Кабул, 9-август 2021-жыл.

Ооганстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемесинин башчысы Гулам Бахауддин Жайлани Reuters жаңылыктар агенттигине билдиргендей, учурда өлкөнүн 34 провинциясынын 25инде куралдуу кармаш жүрүп жатат. Соңку эки ай ичинде 60 миңдей ашуун үй-бүлө жер которууга аргасыз болушту. Алардын көбү баш калаа Кабулга топтолуп жатышат.

Талибдер өздөрүнүн көзөмөлүнө өткөн аймактардагы ооган аскерлерине жана мамлекеттик кызматкерлерге тийбей турганын жарыялаганы менен жоочулар ээлеп алган райондордон он миңдеген адамдар качып чыгып жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун балдар маселелери боюнча агенттиги - ЮНИСЕФ 9-августта маалымдагандай, соңку үч күн ичинде эле Кандагар, Хост жана Пакриа провинцияларында кеминде 27 өспүрүм уруштун кесепетинен мерт болуп, 136сы жараат алды. Мындан башка Кундуз, Герат сыяктуу провинцияларда ондогон жайкын тургундар каза тапканы кабарланып жатат.

АКШнын борбордук командачылыгы Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү жараяны ушул айдын аягында жыйынталышы мүмкүндүгүн билдирген. Азырынча эл аралык оюнчулардын Ооганстандагы туңгуюк абалды тынч жол менен жөнгө салуу аракетинен толук майнап чыга элек. Жакынкы күндөрү Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла баштаган расмий делегациясы Дохага сапар алары кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG