Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Ооган кыргыздарынын келечеги кандай болот?


Памирлик кыргыздар. Архивдик сүрөт.

Ооганстандагы талибдер өлкөнүн түндүк тарабына жылып, улам бир аймакты алганы памирлик кыргыздардын тагдыры күн тартибине чыкты.

Жакында 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп келүү максатында Тажикстандын аймагына кире качып, бирок Дүйшөмбү “Кабул кепилдик берди” деп, аларды артка кайтарды. Кыргыз бийлиги аларга кам көрбөйт деген сын пикирлер да айтылууда. Дегеле, оогандык кыргыздарды Кыргызстанга алып келиш керекпи? Же алардын тарыхый мекенинде калуусу оңбу? Алардын демогарфиялык, социалдык, экономикалык абалы кандай? "Арай көз чарай" талкуубузда ушул маселеге кайрылабыз.

Талкууга Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, профессор, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов, бир нече жыл мурун Памирден Кыргызстанга көчүп келген Турганбай Абдулвахид уулу катышат.

- Памирлик кыргыздар негизинен Ооганстандын Вахан коридорундагы Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлашат. "Талибан" кыймылы маалыматтарга караганда, Вахан провинциясын кайтарып алышты. Бирок кыргыздар байырлаган жерге жетпептир? Турганбай мырза, сиз журтташтардан кабар алып турасызбы? Азыр кандай экен ал жактагы абал?

Турганбай Абдулвахид уулу: Алар менен байланышым бар. Кыргызстанга келгениме төрт жыл болсо дагы кээ бир айылдарда Тажикстандын антеннасы (мобилдик байланыш) тарткандыктан, телефон аркылуу сүйлөшүп турам. Памирден дагы, мургабдык туугандар менен дагы байланышыбыз бар. Биз бул жакка өз каалообуз менен мамлекет тарабынан көчүрүлүп келдик. Ооганстанда 40 жылдан бери эле уруш-талаш, согуш токтобойт. Акыркы жаңылыктарды айтсак, кечээ жакында талибдер Ооганстандын Бадахшан, Ишкашым, Барик сыяктуу аймактарды ээлеп алды. Ошентип, Памирге дагы жакындаганда кээ бир памирликтер, 370тей киши Тажикстанга өтө качты. Эми алар “талибдерден корктук, мал-жандыгыбызды тартып алат” деген ар кандай пикирлери социалдык тармактарга көрсөтүлдү. Менин пикиримде, алар талибдерден корккон жок. Талибдер аларга эч нерсе деле кылбайт болчу. Кичине кыйынчылык болушу мүмкүн эле. Себеби, ал жердеги кыргыздар эч кимге зыяны жок, жөнөкөй калк. Ошондуктан эч нерсе кылбайт эле. Бирок алар мүмкүнчүлүктү пайдаланышты деп ойлойм. Анткени көп жылдардан бери алардын ичинен “Кыргызстанга кетебиз” дегендер, анан “кетпейбиз” дегендер бар. Кетебиз дегендер качышты да. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып өтө качсак, кыйынчылыкта турганда Тажикстан Кыргызстанга өткөрүп берет деген үмүт менен качкан болушу мүмкүн. Жөн учурда качсак, кайра Ооганстанга өткөрүп берет деп ойлошсо керек.

- Тажикстанга чейин канча жол басышты?

Турганбай Абдулвахид уулу: Алар Кичи Памирден качышты. Тажикстанга чейин бир күндүк эле жол.

- Чолпонбек мырза, Тажикстандын памирлик кыргыздарды Ооганстанга кайтарганына көз карашыңыз кандай? Биздин Тышкы иштер министрлиги аларды Кыргызстанга өткөрүп жибергиле деп өтүнгөн экен. Сиздин көз карашыңызда алар Дүйшөмбү менен Бишкектин чыңалган мамилесинин курмандыгы болгон жокпу?

Чолпонбек Абыкеев: Бул жерде биринчи кезекте БУУнун миграция боюнча, анан сырттагы мекендештерди көчүрүп келүү боюнча атайын талаптары бар. Ошонун негизинде гана Памир кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келсек болот. Ошол талаптарды билбегендиктен эл арасында “көчүрүп алып келсек болбойбу” деген сөздөр айтыла берет. Жөнөкөй эле түшүндүрүп берейин, биз кичинебизден эмдөө алганбыз. Айталы, кызамыкка, чечекке каршы эмделгенбиз. Памирлик туугандарыбыз болсо, андай эмдөөдөн өткөн эмес. Вирустар биздин арабызда эле жүрөт. Эмдөө алгандыктан биз тоготпойбуз. Памирлик кыргыздардын каны таза, ден соолугу таза, бирок ошол жөнөкөй эле эмдөөдөн бул жакка келгенде жабыркап калышы мүмкүн. Мына ошого окшогон көптөгөн медициналык, тил жаатында, экономикалык көйгөйлөр бар. Ошолорду чечип туруп анан көчүрүп келүү талабы коюлушу керек. “Баралы дагы, алып келе калалы” деген - ойлонулбай туруп айтылган сөздөр. Алар ошол жерде жүздөгөн жылдардан бери жашап келе жатышат. Аларды киндик кан тамган жеринен ажыратуунун өзү дагы кыйын нерсе. Ушунун баарын эске алыш керек. Менимче, ошол жердин өзүндө шарт түзүп берсек жакшы болот эле.

- Тажикстандын аларды артка кайтарганы боюнча пикириңиз кандай? Бул Бишкек менен Дүйшөмбүнүн мамилесинин курмандыгы болуп калган жокпу?

Чолпонбек Абыкеев: Менин оюмча, алар ооган мамлекети менен сүйлөшкөн болуш керек. Кантсе дагы ортодо кандайдыр бир маселе жаратпаганга аракет кылып жатышат. Кантсе дагы алар ооган мамлекетинин жарандары. Ошондуктан алар ооган мамлекети менен макулдашып туруп, зыян кылбайбыз, аларды коргойбуз деген жоопту уккандан кийин аларды өз жерине кайтарып жибериши мүмкүн. Кыргыз бийлигинде эч кандай маалымат жок.

- 2003-жылы алардын саны 5 миңдей болсо, азыр 1,5-2 миңдин тегерегинде экени кабарланып келет. Сулайман мырза, памир кыргыздарынын демографиялык абалы тууралуу кандайдыр бир изилдөөлөр барбы?

Сулайман Кайыпов: Изилдөөлөр бар. Америкалык антрополог окумуштуу Назиф Шахрани деген кыргыздардын жана вахандардын Памирге адаптация болушу деген маселени изилдеген. Кечээ эле көчүп барып, адаптация болду деп түшүнүүгө болбойт. Себеби, кылымдар бою жүргөн адаптация бар да, ошону этнологиялык жактан изилдеген. Алардын жазганына караганда, адамдар Памир экосистемасынын бир бөлүгү болуп, ошол жерде жашап, маданият жаратып, башкаларга караганда өмүрү узун болгон. Анан эми азыр айтып жатышпайбы, "кырк жашында эле антет-мынтет”, “элүү жашында эле өлүп калат экен” депчи. Мен башка мисалдарды келтире алам, ал жерде узак өмүр сүргөндөр болгон. Памирден көчүп барып, Ванда жашап жаткан Конокбай деген акебиз 108 жашында каза болду. Азыр 101 жаштагы Айтаажы деген киши бар. Көзү көрбөй калыптыр, өзү аман-эсен жашап жатат. 90-80 жашка келген кишилер абдан көп. Ошол жашты Памирде эле жашашкан. Бараханбек деген киши жашап өткөн экен. Мен барганымда 114 жашында деп жерге бердик. Анын жашы 130 болсо керек деп айтышканда, абдан таң калгам. Көрсө, Памирге адаптация болгондон кийин, ошол жерде бала төрөп, чоңойтуп, жаратылыш менен биригип калгандан кийин адамдар өмүрүн узун жана бактылуу жашашкан. Демографияга эмне таасир этти? Адамдардын социалдык активдүү болбой калганы таасир этти. Мурдагыдай кой саабайт. Топоз саап, койдун жүнүн кыркып, сүттөн курут, май жасап, эркектердин алдуу-күчтүүлөрү Кабулга чейин барып сатышкан. “Аштыкка баруу” деген – чоң салтанат болгон. Кышкы эң таатал убактарда айлап жол жүрүшкөн. Ошонун баары ал жердеги кыргыздарды социалдык жактан активдүү кармаган. Азыр болсо активдүүлүк жок. Себеби, ал жерге башка адамдар келет, соодагерлер келет. Алар келип баңгизатка чейин сатышат. Биринен-бири үйрөнүп олтуруп, аны чеккендер бар. Мурдагы салттуу турмушунан ажырап, ден соолугу начарлап, азайып кетти. Төрөт аз болот. Менде маалыматтар бар, бир убактарда 25 миңге чейин жеткен. Ар кайсыл жакка көчүп кеткендер болгон. Бул жердегилер Чыңгыз хандын жапырыгынан мурда барышкан. Алар жерде катаган деген кыргыз уруусу бар. Ооганстандын тереңине чейин жайылып кеткен кыргыз уруулары бар. Азыр өзбек, уйгур жана башка болуп кеткен.

- Турганбай мырза, сиз азыркы шартты сүрөттөр бере аласызбы?

Турганбай Абдулвахид уулу: Мен 2017-жылы келдим. Ал жерде аялдар төрөттөн көп ажал табышат, балдар чарчап калышат. Өлүм Кудайдын буйругу, ажалың жетсе, медицина болсо деле өлөсүң. Бирок “эбепке себеп” деген жакшы сөз бар да. Балким догдурлар болсо, медициналык тармак болсо, кичинекей оорудан айыгып кетиши мүмкүн эле. Медициналык жактан Ооганстан тараптан такыр эле кароо жок. Экинчи, билим маселеси. Памирде эч нерсе жок. Бул жакта жети жашка келгенде окууга берсе, ал жерде койдун артынан салып атат. Догдур, мугалим жок. Биз кыргыз болгондон кийин кыргыз тилин окушубуз керек эле. Мургабда кыргыздар бар. Аларда кыргыз тил сабактары бар. Ошондой шарт болсо жакшы болмок. Мугалим, догдур алып барабыз десе, биринчи мектеп, оорукана салыш керек. Шарт болсо жашай бериш керек, шарт болбой туруп жөн эле айта берүү туура эмес болуп калат.

- Кыргызстан оогандык кыргыздарга мугалимдерди, дарыгерлерди жиберип, шарт түзүп бере алабы?

Чолпонбек Абыкеев: Муну биринчи кезекте ооган мамлекети менен чечүү керек. Оогандык кыргыздарга биз барып шарт түзүп бергенге Ооганстан макулдук бериши керек. Биз алардын аймагына барып, Кыргызстандын ишин киргизе баштасак, анда ал жерге анклав киргизген болуп калабыз да. Кыргыз мамлекетинин идеологиясын киргизгени жатабыз да. Элестетиңиздер, Кыргызстанга кайсы бир мамлекет келип, мисалы Кытай мамлекети. Алар силердин Чүй облусундагы Александреевка айылында жашаган дунгандарга мектеп салабыз, мугалимдерди алып келебиз десе, биз эмне дейт элек?

Ошондуктан мындай маселелерди биринчи ооган мамлекети менен чечүү керек. Ушул маселени чечип алсак, билим берүү тармагын колго алып, окутуп, медицина, инфраструктураны этап-этабы менен түзүүгө оңой болот, жакшы айлык берсек. Экинчиден, ал жактан дагы эл кошумча айлык чыгарып беребиз десе, барам деген мугалимдер чыгат. 2005-жылдары бул маселени караштырганбыз. Элден жөн эле сурап көрөлү десек мен барам, 2-3 жыл иштеп келем дегендер четтен чыккан. Элдин арасында башка жерге барып, жүрүп келгиси келген жаштар көп. медиктерден деле чыкмак. Дагы бир жолу кайталап айтайын, бул иштерди ишке ашыруу алгач ооган мамлекети менен чечилиши керек.

Биз ошол жерде кыргыздарды кармап калып, үй-жай курганга, системага салганга мамлекет окутуп, дүйнөлүк цивилизацияга этап-этабы менен алып чыкканга аракет кылсак. Аларды азыркыдай кылып Алайга көчүрүп келип, үй салып, мал берип бакканга караганда ошого кеткен каражатка аларга жеринде барып жардам берсек чыгымыбыз аз болмок.

Жерине барып агып түшкөн суудан электр энергиясын чыгарган чакан түзүлүштөрдү коюп, ошол жерге ылайыкташкан үйлөрдү кургандан кийин мугалимдерди алып барып, мектептерди куруп, медицина системасын киргизсек, менимче арзан түшмөк. Ушундай иштерди жасоо менен биринчиден ошол жерде жашаган кыргыз элин сактап калат элек. Бийик жерде жашаган кишилер жапыз жерге түшкөндө баары эле көнүшүп кетпейт. Бул жакка келгенде деле ошондой болот. Алардын ичинде айрымдары аба алмашканда кыйынчылыкка учурашы мүмкүн. Алар көптөгөн жылдардан бери ошол жердин абасына көнүп, калыптанган. Ошондуктан бул жагын да ойлонуу керек. Бул нерсе өтө оор маселе.

- Бул жакка көчүп келгендердин адаптациясы кандай өтүп жатат? Биздин шартка көнүп кетишеби?

Сулайман Кайыпов: Мен оогандык кыргыздар көчүп келген жерде 40 күн жүрдүм. Күндө алардын үйүнө барып, сүйлөшүп жаттым. Айрым суроолорду берип жаттым. Адаптация деген бир күндө, бир жылда , он жылда эле болуп калбайт. Мен ушул жердин адамымын деп ошол жерден өнүп чыккан дарак сыяктуу болуп калганга чейин жылдар өтөт. Ошол жерде туулган эле бала толук адаптация болбосо, эс тарткандан кийин келген киши чет элдиктей болуп эле жүрө берет. Эгер чынын айт десеңер, булар Нарынга адаптация болгон жок, боло албайт дагы болчу.

Эмне үчүн? Биринчиден климат, суусу, маданияты, адамдар ортосундагы мамиле, тил - булардын бардыгы чоң маселе да. Алар жүдөп кетти. Башкалардын барганы булар үчүн кыйноо да. Бийликтен барат, башка жактан барат. Кыскасы, адаптация деген бул чоң сөз, өзү бир сөз болгону менен мааниси өтө кенен. Памирден алып келип бул жакка адаптация кылып жиберебиз деген туура эмес. Айрымдар адамдардын тагдырын оюнчуктай көрөт да. Экинчиден, ошол жерди бош таштап, киндик каның тамган, ата-бабаңдын көрүстөнү жаткан жерди бош таштап, жеңилирээк турмуш бар экен деп көчүп келгендин өзү деле жакшы эмес. Булар мурда эмнеге көчкөн эмес? Памирликтер эгер бейиш бар болсо ушул Памир тоолорунун алдында деп келишет. Памир тоолорун ушунчалык жакшы көрүшөт. Түркиядагы кыргыздар Памир тоолорун эңсеп, арман ырларын ырдайт. Ыр, кошоктору бар.

Чолпонбек Абыкеев: Кошумчалап коёюнчу. Мына, конкреттүү мисал келтирейинчи, “Токтогул” суу сактагычынын алдында да жерлер калды. Ошол жерден көчүп чыккан эл эмнени гана айтпайт. Канча ырлар чыкты, канча китептер жазылды, канча арман айтылды. Суу алдында калган жерде жашап калгандар азыркыга чейин “ушундай сонун жерим суунун алдында калбадыбы” деп арман кылышат. Киндик кан тамган жер жана ал жерде чоңойуу - чоң сөз. Түшүнбөгөндөр көчүрүп келип баланча жерге жайгаштыра салбайлыбы деп жатышат. Аны терең түшүнүү керек, ошол адамдардын тагдырына кире билиш керек.

Турганбай Абдулвахид уулу: Памирдеги жаштар келсе бат эле көнүп кетет. Себеби, алар билим алганы келишет, студенттерге, жаштарга аралашып кадимкидей эле көнүп кетет. Мисалы, мен жакшы эле көнүп кеттим. Кары-картаңдар, өмүрүнүн 30-40 жылын Памирде өткөргөндөр, ошол жактан дос, тууган-урук күткөндөр кичине кыйналды. Бул жактагы жашоосу жакшы болсо деле аларды сагынып, куса болушту. Биз Памирди чанган жокпуз, Памир биздин туулган жерибиз. Мен дагы 16 жашка чейин ошол жакта жашадым. Сагынам.

Биз ал жакка шарт түзгөнчө элдин өлүмү, билим албагандар көбөйүп жатат да. Ага кантип карап турабыз? Канча жылдан бери эле кургак сөз менен жасайбыз деп айтып келе жатабыз. Бирок качан чечилет, ошол маселе?

Элдин арасында кетебиз дегендери бар, кетпейбиз дегендери да бар. Келбейбиз дегендерин жөн эле коюш керек, бул жакка алып келип, аларды кыйнабаш керек. Кетебиз дегендерди Кыргызстанга эле алып келиш керек. Кыргызстанга барсак деп кыялданган, үмүттөнгөн аталар-апалар бар экенин укчумун. Ошолор каза болуп кетти. Алардын деле өздөрүнүн арманы бар эле да. Биз ошолорду аткарып койсок эмне болот? Кыргызстан - өз мекенибиз. Кыргызстанда канчалаган башка улуттар жашайт. Памирлик кыргыздар дагы келип, жеңил жашоодо жашаса кандай болот? Мен аларды алып келиш керек деп эсептейм.

- Чолпонбек мырза, сиз кандай деп ойлойсуз? Жогоруда сиз аларга ошол жактан шарт түзүп бериш керек дедиңиз эле.

Чолпонбек Абыкеев: Эгер чындап эле келебиз дегендер болсо аларга жардам бериш керек. Менин пикиримде, аларга ушул жерде медицина системасы жакшырат, мугалимдер келип окутат, ушул жерде силерге үйлөрдү курабыз, айылдар түшөт, көчөлөр болот десек, анда ушул жерде эле жашайбыз дегендер көбөйөт болчу. Иним айткандай, алар окугусу келип жатат, дүйнөнү көргүсү келип жатат. Биз дүйнөнү ошол жерге алып барсак, цивилизация алып барсак, билимди ошол жерден деле алса болорун түшүнүшөт. Чоңойгондо Кыргызстанга келип, жогорку билим алып, кесипке ээ болосуңар десек “Памирде эле жашайм” дегендер көбөймөк. Ооган бийлиги макул болсо “Памир кыргыздары үчүн” деген программа түзүп иштесек, өтө деле чоң каражат талап кылынбайт.

Турганбай Абдулвахид уулу: Ооба, ал жакка шарт түзүп, оорукана, мектеп салып ордунан жылдырбай деле окутса болот. Бирок ошол шарт качан түзүлөт? Бизде бир сөз айтып коюп, аны аткарбай койгон учурлар көп кездешкен. Ошол шарт түзүлгөнчө балдар мектептен окубай калып жатат. Мисалы, мен 16 жашка чейин эч нерсе окуган жокмун. Бул жактан 16 жашымда биринчи класска кирип окудум. Жаш курак өтүп кете берет, кишилер каза боло берет, билим албагандар билим албай эле чоңоё берет. Чындап эле Памирге шарт түзө турган болсо, аны эртелетиш керек. Андай болбосо, аларды көчүрүп келүү туура болот деген ойдомун.

- Сулайман агай, келем деген каалоосу бар жаштарды алып келүүгө кандай карайсыз?

Сулайман Кайыпов: Памирде эмес, башка жерде төрөлсө деле жаштары Кыргызстанга эле эмес, Америкага, каалаган материгине кетип калып жатпайбы. Ошондой эле, памирликтер эркин. Аларды бир жерде камалып калган шордуулардай көрбөш керек. Алар деле эркин, кээ бир жагынан бизден алдыда турат. Мисалы, алардын спутник телефондору бар. Биз барган учурда алардын ханы биздин Мургабда кармалып жатканыбыздан бери билип алыптыр. Рахманкул хан деген дүйнөдө эмне болуп жатканын билип турган. Азыр алар күндөн кубат алган жабдууларды алып, үйүнө бизде жок телевизорду коюп алышкан. Интернет дагы бар, керек болсо аларга онлайн сабак өтүп койсок да болот. Аларды үңкүрдө жашап жаткан элдей көрбөш керек. Көп нерсени алар бизден жакшы билет. Тамак-аш маданияты биздикинен он эсе жогору турат. Памирликтердин өмүрү Памирде гана кымбат. Памирликтер Памирге абдан керек. Бозой деген киши болгон экен, ал дүйнөдөн өткөндөн кийин ага Бозой күмбөз деп ат коюшкан. Ал кыргыздын бир баатыры, анын сөөгү дагы кыргыздын жерин кайтарып жатат да. Ошол жер Бозойдун аты менен аталып, кыргыздын жери болуп турат. Анын өлүгү да кыргыздарга иштеп жатат. Улутка кызмат кылып, жерди коруп турат. Бүгүнкү күн менен жашап, кичине элбиз деп кичине бир топтун тагдырын ойлоп алып эле, миң жылдык маселелерди чече бербешибиз керек. Бул миң жылдарга кете турган стратегиялык чоң маселе. Ооганстандын бийлиги салт катары ошол жерде жашаган кыргыздарга дайыма жакшы мамиле жасаган. Закир шах биринчи кадамды таштаган. Рахманкул хан менен дос болгон. Аларды салыктан бошоткон. Булар аз эл, өздөрү деле аскер деп туруп, балдарды аскерге албай турган мыйзам чыгарып берген. Ал жер автономия сыяктуу. Эмнеге автономия сыяктуу деп жатам. Себеби, парламенттен өткөн эмес, бирок Рахманкул хан ал жерди кадимки автономиядай бийлеген, өзүнүн маселелерин өзү чечкен. Алар биринчиден кыргыздын салтына таянган, экинчиси ислам дини болгон, үчүнчүсү Ооганстандын мыйзамдары болгон.

- Кыргыз бийлигинин диаспора, улутташтар менен иштөө программасы барбы, болсо кандай?

Чолпонбек Абыкеев: Буга чейинки бийликтер кандайдыр бир деңгээлде жүргүзүп эле келген. 2005-жылдары памирлик кыргыздарга бир жылда эки-үч жолудан гуманитардык жардамдар барып турган. Эмнелер керек экенин алдын ала тактап, кийим-кече, тамак-аш, тиричилик буюмдарын жибергенбиз. Жаңы келген бийликтин саясатына жараша иштер жүргүзүлүп келди. Бүгүнкү күнү Ооганстанда абал тынч эмес. Ачыгын айтканда кимиси менен сүйлөшүүнү деле билбейбиз. Ооганстанда тынчтык орносо жогоруда айтылган аракеттердин бардыгын жасайбыз. Бүгүнкү күндөгү бийликтин саясаты - чет мамлекеттеги ар бир кыргыз үчүн кам көрүүгө милдеттүүбүз. Чет мамлекеттеги кыргыз кор болбосун, ыдык көрбөсүн, ошол мамлекеттен кысым көрбөсүн деп коргоо - биздин милдетибиз.

Нарын: Памирликтер дыйканчылыкты өздөштүрүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG