Ага ылайык, парламенттин 90 депутатынын 54ү партиялык тизме менен преференциалдык ыкма аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. Бул жолу да долбоор Жогорку Кеңеште каралар алдында депутаттар президент менен жолугуп чыгышты.
Депутаттар менен президент шайлоо мыйзамдары боюнча мунаса таап, долбоор 28-июлда парламентте 107 добуш менен экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Муну менен күзүндө өтө турган парламенттик шайлоонун эрежелери аныкталгандай болду.
Президент сунуштап, кийин депутаттар иштеп чыккан долбоорго ылайык, 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен преференциалдык ыкма аркылуу, башкача айтканда партия жана анын ичиндеги талапкерге добуш берүү менен шайланат. 36сы бир мандаттуу округдардан тандалып келет. 36 талапкердин ар биринин округунда 103 миңдей шайлоочу болот.
Документтин биринчи вариантында 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланат деп жазылган. Бирок Талас облусунда 165 миң гана шайлоочу болгондуктан, бул облуска эки орун берилип, бир мандаттуу округдан шайланып келчү талапкерлер 36га көбөйтүлдү.
“Преференциалдык ыкма менен шайлоодо шайлоочу партияга анын ичинде өзү колдогон талапкерге добуш берет. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин алган добушуна жараша партиядагы ордун аныктап турат. Шайлоодо андан тышкары аялдар менен аялдар, эркектер менен эркектер атаандашканга мүмкүнчүлүк түзүлдү”, - деди депутат Сайдулла Нышанов.
Жогорку Кеңеште гендердик теңчилик боюнча кызыл чеке талаш болду. Парламенттеги аял депутаттар талапкерлердин ар бир үчүнчүсү аял болушу керектигин билдиришти. Деген менен долбоорду оңдоп-түзөөгө катышкандар андан абал өзгөрбөй турганын, аялдардын 30% квотасы баары бир сакталарын айтып ишендирүүгө аракет кылышты. Жыйынтыгында талапкерлердин ар бир төртүнчүсү аял киши болушу керек деген сунуш өттү.
Долбоор боюнча партиялардын парламентке өтүү босого чеги үч пайыздан бешке көтөрүлүп жатат. Партиялардын шайлоо күрөөсү 1 миллион сом. Бир мандаттуу округдарга өзүн-өзү талапкер катары көрсөтсө болот, партиялар да талапкер көрсөтө алат. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү босого пайызын көтөрүү чечимин сынга алды.
“Бул мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилгенде саны боюнча 90, бөлүнүшү боюнча 55-35, босого чеги үч эле пайыз болчу. Экинчи окууга келгенде беш пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби? Былтыр октябрь айындагы шайлоодо 12 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып чыгышкан. Ошолордун баары жети пайыздан өтпөй калгандар болчу. 1 миллионго жакын добуш күйүп кеткен. “Мекенчил” партиясынын 132 миң, “Республиканын” 120 миң, “Ата Мекендин” 80 миң, “Бир Болдун” 60 миң, "Социал-Демократтар" менен “Замандаштын” жана “Чоң Казаттын” 40 миңден добуштары күйүп кеткен. Анан ыңкылап чыккан. Азыр эми андай болбойт деп ким кепилдик берет?”.
Былтыр октябрь окуяларынан кийин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.
Депутаттар "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун 22-июлда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыккан күндүн эртеси эле биринчи окууда колдоп беришкен. Бул жолу да эл өкүлдөрү документ Жогорку Кеңеште каралардан бир күн мурун президент менен жолугушту.
Экс-депутат Максат Кунакунов президент депутаттарды эки күндүн биринде эле “Ала-Арча” резиденциясына чакырып, мыйзам долбоорлорун талкуулаганы туура эмес деп эсептейт.
“Кыргызстанда бийлик бутактарынын баары тең өлдү. Азыркы Конституция боюнча бийликтин тең салмактуулугу жок. Баш мыйзамда мыйзам чыгаруу бийлиги, сот бийлиги деген жок болуп калды. Бардыгын тең президент башкарат. Мунун баары тең чыр-чатакка алып келет. Жазылып жаткан мыйзамдын баары туңгуюкка алып баратат”.
Эл арасында атайын даярдалган автобустар менен президентке барып жолуккан VI чакырылыштын депутаттарына сый тамак уюштурулганын, анда мыйзамдар боюнча сөз да болбогонун айтып жатышат.
Шайлоого байланыштуу сунушталып жаткан документке президент кол койсо анда партия жана анын ичиндеги талапкерлерге добуш берүү боюнча ишти уюштурууга кошумча каражат керектелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал депутаттарды шайлоо мыйзамдары боюнча жоопкерчиликти алууга чакырды.
“Албетте биз өзүбүздүн жумушубуз үчүн жоопкерчиликти алабыз. Бирок чечим чыгарып жатканда сиздер да жоопкерчиликти бөлүшүңүздөр. Анткени тобокелчиликтер, артыкчылыктар боюнча кенен талкуу болду. Саясатчы катары сиздер да жоопкерчиликти алыңыздар”.
"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда парламенттик шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде өтүшү керектиги жазылган. Боршайком бул убакытка жетишпей каларын билдирип, алдыдагы шайлоону ноябрь айында өтүшү мүмкүн экенин эскертти.