Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Ооганстанда жапа чеккен жайкын тургундар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюму май, июнь айларында Ооганстанда набыт болгон жана жараат алган жайкын тургундардын саны кескин өскөнүн кабарлады.

Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы быйыл алты айда 5180ден ашык жайкын тургун жабыркаганын жарыялады. Алардын ичинен 1659 жаран набыт болгону миссиянын 26-июлда тараткан баяндамасында айтылат. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 47% көп. Буга “Талибан” кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн май айынан баштап күчөгөн салгылаштары себеп катары көрсөтүлгөн.

Өлкөдөгү соңку салгылаштардан бейажал өлгөндөрдүн дээрлик жарымы аялдар менен балдар. Тактап айтканда, акыркы алты айда 468 бала жана 219 аял киши колдуу болгон. 1214 бала менен 508 аял ар кандай жаракаттарды алган.

"2021-жылдын биринчи жарымында ажал тапкандардын дээрлик жарымын аялдар, жаш балдар жана кыздар түзгөнү терең тынчсыздануу жаратат", - деп айтылат баяндамада.

Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы набыт болгон жайкын тургундардын 64% өлүмү үчүн согушкерлерди айыптады. Алардын ичинен 39 пайызына талибдер күнөөлүү, 9 пайызы “Ислам мамлекети” тобунун терактыларынан ажал тапкан. Калгандары үчүн кайсы топ жоопкерчиликтүү экени аныктала элек.

Ал эми Ооганстанда соңку алты айда курман болгондордун 25 пайызынын өлүмүнө өкмөттүк аскерлер себепкер болгон.

БУУнун миссиясы алдыда ажал тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. БУУнун Ооганстан боюнча чабарманы Дебора Лайонс эки тарапты тең жайкын тургундарга зордук-зомбулукту токтотууга чакырды.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин “Талибан” кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

26-июлда коңшулаш Пакистандын армиясы өз аймагына дагы 46 ооган аскери кире качканын жарыялады. Билдирүүдө ооганстандык аскерлер өлкө түндүгүндөгү Читрал бекетине жакын жерде талибдер менен салгылашта туруштук бере албай, Пакистандын аймагына кирүүгө аргасыз болгону айтылат. Читрал бекети Ооганстандагы Кунар, Бадахшан, Нуристан аймактары менен чектешет.

Пакистан армиясы ооган аскерлерине убактылуу башпаанек бергенин, кийинчерээк өз аймагына өткөрүлөрүн билдирди. Буга чейин Пакистан өлкөгө кире качкан 35 аскерди Ооганстанга кайра жөнөткөн эле.

Ал тапта 31-августка чейин ооган жергесинен толугу менен чыгарылышы керек болгон АКШнын аскер күчтөрү жакынкы апталарда талибдерге абадан сокку уруп, өкмөттүк жоокерлерге жардам көрсөтөрүн убада кылды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылыгынын башчысы генерал Кеннет Маккензи 25-июлда журналисттерге билдирди:

"Азыркы тапта ооган өкмөттүк күчтөрүнүн жалгыз артыкчылыгы бул аскер-аба күчтөрү. Ошондуктан, биз колдон келгендин баарын жасап, абадан урулган соккулар эффективдүү болушу үчүн жардам беребиз".

Өткөн аптада ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Катардын Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөргөн. Бирок тараптар мунасага келген эмес. Болгону келе жаткан апталарда кайрадан сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашып тараган эле.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG