Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Ооганстан: Кандагарда соңку апталарда 30дан ашык жайкын тургун мерт болду


Ооганстандагы укук коргоочулар Кандагар провинциясындагы чабуулдардан соңку апталарда эле 33 жайкын тургун набыт болгонун кабарлашууда. Алардын арасында активисттер, уруулардын аксакалдары жана журналисттер бар. Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы чабуулдар талибдер көзөмөлдөгөн да, өкмөттүк күчтөрдүн колундагы аймактарда да болгонун билдирди.

Комиссиянын расмий өкүлү Забиулла Фарханг “Азаттыктын” ооган кызматына “Биз чогулткан маалымат боюнча, 24-июндан 6-июлга чейин Кандагардагы атайлап уюштурулган чабуулдардан 33 адам мерт болду. Алардын арасында эки аял бар”,-деп маалымдады. Фарханг активисттер, уруу аксакалдары, журналисттерди атайлап эле бутага алган чабуулдар болуп жатканын кошумчалады.

Укук коргоо уюму согушка тиешеси жок жайкын тургундардын соккуга кабылышына тынчсыздануусун билдирип, өкмөттүк күчтөр да, согушкерлерди да “элди коргоого” чакырды.

Азырынча бул чабуулдар үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Ооганстанда соңку жылдарда ондогон журналист, юрист, жарандык коомдун өкүлдөрү өлтүрүлдү. Өкмөт бул кылмыш үчүн талибдерди күнөөлөп келет. Бирок атайын иликтөө жүрүп, кимдир-бирөөнүн кармалган учур болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG