Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Токио-2020: кытайлык спортчулар эки күндө тогуз медаль утушту


Кытайлык ок атуучу, алтын байгенин ээси Цянь Ян (ортодо) орусиялык Анастасия Галаш (солдо) жана швейцариялык Нина Кристен (оңдо) сыйлоо аземи учурунда. Токио. 24-июль, 2021-жыл.
Кытайлык ок атуучу, алтын байгенин ээси Цянь Ян (ортодо) орусиялык Анастасия Галаш (солдо) жана швейцариялык Нина Кристен (оңдо) сыйлоо аземи учурунда. Токио. 24-июль, 2021-жыл.

Токио Олимп оюндарынын экинчи күнүндө медалдардын саны боюнча Кытай биринчи сапка чыкты. 25-июлга карата кытайлык спортчулар 5 алтын, 1 күмүш, 3 коло байгесин утушту.

Экинчи сапка Жапониянын курамасы чыкты. Бул өлкө спортчулары эки күндө 4 алтын, 1 күмүш байгеге ээ болушту. АКШ курамасынын спортчулары 2 алтын, 2 күмүш, 4 коло байгеси менен үчүнчү орунду ээледи.

Казакстандык эки спортчу Олимпиаданын эки коло байгесин утту. Медалдар топтому боюнча Казакстан 27-орунга чыкты.

Токио Олимп оюндарынын алгачкы алтын байгеси да Кытайга кетти. 24-июлда кытайлык ок атуучу Цянь Ян 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдеште жалпы 251.8 упай топтоп, чемпион болду. Ян алгачкы алтын байге уткан спортчу болуп калды.

Аны менен кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова да таймашып, жыйынтыгында Кубанычбекова 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

23-июлда расмий ачылган Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталат. Бул Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11 300 спортчу катышууда. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат. Оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG