Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Токио-2020: Каныкей Кубанычбекова 48-орунду ээледи


Каныкей Кубанычбекова
Каныкей Кубанычбекова

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Жапонияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында спорттун пневматикалык мылтыктан 10 метрге ок атуу түрүнөн мелдешке чыгып, 48-орунду ээледи.

Ок атуу боюнча мелдеш 24-июлда Жапониянын Осака шаарында өтүп, 10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.

Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтоп 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу.

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдештин финалдык бөлүгүнө сегиз спортчу чыгып, жыйынтыгында кытайлык спортчу Цянь Ян 251. 8 упай менен алтын байгенин ээси болду.

Күмүш байгени 251. 1 упай менен орусиялык Анастасия Галаш утуп алды. Швейцариялык Нина Кристен 230.6 упай менен үчүнчү орунга ээ болду.

Токио олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Ага Кыргызстандан 16 спортчу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Бүгүн 24-июлда кыргызстандык дагы бир спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG