Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Токио-2020: Кыргызстандык спортчулар 24-июлдан тарта мелдештерге чыгат


Кыргызстандын курама командасы.
Кыргызстандын курама командасы.

Кыргызстандык спортчулар жана делегациянын мүчөлөрү 23-июлда Жапониянын Токио шаарында XXXII Жайкы Олимп оюндарынын ачылышына катышты. Өлкөнүн желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты.

Олимпиаданын уюштуруучулары гендердик теңчиликке байланыштуу тууну аял менен эркек көтөрүп чыксын деген эрежени киргизген. Бирок айрым мамлекеттердин желегин бир эле киши көтөргөн учурлар да болду.

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миңге ылайыкташкан стадиондо болду. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышты.

Жайкы Олимп оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчулар 24-июлдан тарта мелдештерге чыга баштайт. Биринчилерден болуп Каныкей Кубанычбекова 24-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 5:30 ок атуу боюнча мелдешке катышат.

Кыргызстандан 16 спортчу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар:

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов. (BTo)

Кыргыз спортчуларынын мелдешке катыша турган убактысы. Жадыбал Бишкек убактысы менен түзүлдү.
Кыргыз спортчуларынын мелдешке катыша турган убактысы. Жадыбал Бишкек убактысы менен түзүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG