Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Коронавируска каршы эмделген лидерлер

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Бишкек шаарындагы Bishkek Park соода борборунда ачылган эмдөө түйүнүндө коронавируска каршы кытайдын Sinopharm вакцинасын алды.

Садыр Жапаров андан кийин элге кайрылып, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө керектигин айтты. Кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

“Социалдык түйүндөрдө элге кайрылып “бул вакцина туура эмес, элге зыян алып келет” дегендерге ишенбегиле. Аксакалдарга да кайрылам, элди антип адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдыртпайт. Ар бир адамдын жеке каалоосу менен болот”, - деди президент.

Ал ошондой эле, Кытай Кыргызстанга вакцинаны бекер бергени, Кыргызстандын калкынын 70% эмдөөдөн өтпөсө алака-катыш болбой турганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатканын кошумчалады.

Коронавируска каршы эмделген мамлекет башчылары жана лидерлери тууралуу сүрөт баян.

XS
SM
MD
LG