Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Вакцинадан кийинки өлүмдүн себеби такталууда


Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга эч кандай тиешеси жок.
Иллюстрациялык сүрөт. Окуяга эч кандай тиешеси жок.

Вакцина алгандан кийин каза болгон аялдын окуясын атайын комиссия иликтемей болду. 22-июлда маркумдун кызы видео тартып, апасы Sputnik V менен эмделгенденден көп узабай дене табы көтөрүлүп, ооруканада көз жумганын айтып берген. Дарыгерлер өлүмгө эмне алып келгенин так айтуу эрте экенин белгилешет.

Комиссия түзүлгөнүн жума күнү саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев Бишкектеги брифингде билдирди:

“Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен бейтап эмнеден каза болгону аныкталат”.

21-июлда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 46 жаштагы бейтап Назгүл Исакова көз жумган.

Социалдык тармактарга чыккан видеодо маркумдун кызы апасы 19-июлда Sputnik V вакцинасын алгандан кийин кечинде өзүн начар сезгенин, дене табы көтөрүлгөнүн, улам-улам тез жардамга, менчик борборго кайрылышканын, абалы оорлошуп кеткенде ооруканага алып барышканын айтып берди.

Гүлбара Ишенапысова
Гүлбара Ишенапысова

Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысованын айтымында, эксперттик топ бейшембиде чогулуп баштапкы маалыматтар менен таанышты:

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин гана бир нерсе айта алабыз. Комиссия бүт хронологиясын карайт. Кайсы жерге кайрылган, кайда барган, өнөкөт ооруларынын болуп-болбогонун билүү үчүн Кара-Көлдөн бери карточкаларын алдырдык".

Башкы фармаколог Аида Зурдинова дары-дармектердей эле вакциналардын да кыйыр таасири болушу мүмкүн деп түшүндүрдү. Бирок "өлүмгө вакцина алып келди" деп азыртадан айтуу туура эмес, адегенде соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүн күтүү зарыл:

"Ошол эле парацетамол абдан уулуу препарат. Суткасына 4 граммдан ашырбай ичиш керек. Окуганыма караганда, ал аял дене табын түшүргөн бир канча препаратты ичкен экен. Өлүмгө боордун жабыркашы да жеткириши мүмкүн. Парацетамол бир караганда анча зыянсыз дары эмес. Анын дозасын жана суткасына канча жолу ичүү керектигин так сактоо зарыл. Дагы кандай дары-дармекти ич деп айтышканын аныктап, оорунун тарыхын караш керек. Ошого жараша тыянак чыгарылат. Дагы бир маанилүү нерсеге көңүл буруу зарыл. Адам ал күнү алкоголдук же курамында алкогол бар ичимдик ичкенби? Муну да билүү зарыл. Бир бүтүмгө соттук-медициналык экспертизадан кийин келишет. Балким микротромбоз болгон, же азыр айткандай организм дары-дармектерге ууланганбы. Кыскасы, бул жерде нюанстар көп".

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын саны 400 миңге чамалады. Алардын 101 миңден көбү толук эмделди.

Эмдөө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы менен жүрүүдө. Орусиянын Sputnik V препараты да сайылууда, бирок анын көлөмү азыраак.

Гүлбара Ишенапысова вакцинанын ар бир кыйыр таасири катталып турарын, бул негизинен баш оору, дене табынын жогорулашы өңдүү белгилер экенин айтат:

"Вакцинанын кыйыр кесепеттерин каттап, сайтка чыгарып жатабыз. Баштары ооруган, көңүлү айныган учурлардан өйдө чыгарып атабыз. Бул күтүлгөн эле реакциялар. Мен башынан эле брифингде айткам, ооба, Sputnik V вакцинасынан баш оору, кан басым болуп атат деп айткам. Sinopharm препаратына дагы реакция болот. Дене табы 37-38 градуска чейин көтөрүлгөн, ийне сайылган жерде аллергиялык кызыл бүдүр пайда болгон учурлар бар. Мунун бардыгы боло турган эле нерселер. Адатта 12-24 саатта кетип калат".

Июлдун башында Nature аттуу абройлуу илимий журнал акыркы маалыматтар 70 чакты өлкөдө колдонулуп жаткан Sputnik V коопсуз экенин көргөзүүдө деп жазган.

Макаланын авторлору изилдөөлөргө таянып, препараттан тромбоз же кандын тамырларга уюп калуу учурлары катталбаганын, кыйыр таасири аденовирустарга каршы вакциналардыкына окшош экенин айтышат. Мисалы Аргентинада Sputnik V вакцинасынын 2,8 миллион дозасы сайылса, вакцинага байланышкан бир да өлүм катталган эмес, кыйыр кесепеттери жеңил болгон.

Ошол эле маалда, макалада айтылгандай, айрым адистер Орусиянын өзүндө вакцинанын залакасына байкоо салуу оңой эместигин белгилешет. Алсак, маданий өзгөчөлүктөрдөн улам, адамдар догдурларга дем ала албай, абалы абдан оор болгондо гана кайрылышат. Же болбосо алыскы аймактардагы дарыгерлер тромбозду эмдөөгө байланыштырбашы мүмкүн.

Белгилей кетсек, Sputnik V Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун жана Европанын медицина агентигинин жактыруусунан өтө элек.

Аида Зурдинова
Аида Зурдинова

Аида Зурдинова адам өлүмүнө чындап эле Sputnik V алып келсе, анда бул абдан сейрек көрүнүш болуп каларын, Кыргызстан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Швециянын Упсала шаарындагы атайын борборго маалымат жибериши керектигин, алар андан ары препаратты жасаган компанияга өз сунуштарын берерин айтат:

"Иммунопрофилактика борбору өткөн жумада статистикасын жарыялаганда канча киши эмделгенин эле жазды. Менимче, маалымат туура эмес берилген. Sputnik V менен канча киши эмделгенин, орточо жашы, жынысы, канча кишиге Sinopharm сайылганын, канчасы аял, канчасы эркек экенин так көргөзүш керек эле. Эки вакцинанын тең кандай терс кесепеттери катталган? Мындай маалымат эмдөөдөн баш тарткыла деген үчүн эмес, инструкция, көрсөтмөлөргө тактык, өзгөртүү киргизүү үчүн зарыл. Балким кандайда сайбаш керек, же кайсы учурда өзгөчө этият болуш керек деген түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш. Айталы, эмделгенден кийин баланча күн алкогол, кайсы бир дарыларды ичпегиле деп эскертиш керектир".

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, айрым адистер ансыз да вакцина сайдырбагыла деген чакырыктар, бурмаланган маалыматтар тарап жаткан чакта эмдөө жараянын солгундатышы ыктымал дешет.

Ал тапта, ушул эле жума күнү президент Садыр Жапаров Sinopharm препараты менен эмделгенден кийин элди вакцина алууга, жалган маалыматтарга ишенбөөгө үндөдү.

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG