Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:44

Эмдөөнүн оош-кыйышы, бурмаланган маалыматтар 


Оштогу эмдөө борбору.
Оштогу эмдөө борбору.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын алды. Ошол эле маалда эмдөө ыктыярдуу болуп эсептелгени менен, айрым жерлерде мажбурлап вакцина сайдыруу аракеттери тууралуу маалыматтар чыгууда.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги акыркы күндөрдө коронавируска каршы вакцина алууну каалагандар көбөйгөнүн айтып келатат. COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдын расмий сайтында 18-июлда 58 миңден ашуун киши эмделгени маалымдалды. 17-июлда бул сан 26 миңден бир аз ашуун болчу, ал эми 14 июлда 18 миң 418 адамга вакцина сайылган.

Бишкектеги бейтапкана
Бишкектеги бейтапкана

Министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин айтымында, COVID-19 күч алгандан бери эл эмдөөнүн маанисин, ушундай жол менен гана оору менен күрөшсө болорун түшүнүп калды. Экинчи жагынан медициналык мекемелерден тышкары соода борборлору өңдүү коомдук жайларда, сейил бактарда пункттарды ачуу да эмдөө өнөктүгүнө оң таасир этти.

"Биз канчалык көп кишини кыска мөөнөттө эмдесек, ошончолук ийгиликке жетишебиз. Коронавирусту, жалпы эле жугуштуу ооруларды алдын алууда иммунизация чоң роль ойнойт", - деди Рахматулаев.

20-июлдагы маалыматка караганда Кыргызстанда коронавирус бир суткада дагы 1291 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Илдет дагы 10 кишинин өмүрүн алды.

Адистер жамааттык иммунитеттин иштелип чыгышы үчүн элдин 70-80% эмделүүгө тийиш экенин айтышат.

Глобалдык алкакта, соңку маалымат боюнча, калктын 26,2% коронавируска каршы вакцинанын жок дегенде бир дозасын алды. Күнүнө дүйнөдө 30 миллиондой доза препарат сайылууда.

Эмделгендердин саны жагынан сап башында Канада, Британия, Израиль, АКШ, Германия келатат. Бул өлкөлөрдө калктын 40-50% коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.

Ал эми жакыр өлкөлөрдө элдин бир пайызга жакыны гана вакцинанын бир дозасын алды.

Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын Sputnik-V вакциналарын пайдаланып келаткан Кыргызстанда 95 миңден көп киши толук эмделди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда запаста 1 миллион 185 миңден көбүрөөк доза вакцина бар. Рахматулаев 2 миллион 300 миңден ашуун кишини эмдөө максаты коюлганын белгиледи.

Өлкө жетекчилиги эмдөө ыктыярдуу, каалагандар арасында гана жүргүзүлүп жатканын айтканы менен социалдык тармактарда вакцинаны күчтөп алдырткан учурлар тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Алсак, "Азаттыктын" "Инстаграмдагы" баракчасына Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бир нече айылдын мугалимдери жазып, аларды эмделүүгө мажбурлап жатышканын же болбосо "жумуштан кетиребиз" деген эскертүү алышканын айтышты.

Билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Самат Тоялиев мекеме тарабынан андай буйрук берилбегенин билдирди:

"Министрлик тарабынан андай буйрук чыккан эмес. Жер-жерлерде ушундай (ред. мажбурлоо) болуп атат деген маалыматтар социалдык тармактарда тарап атат. Анын чын-төгүнүн аныкташ керек. Негизи эмдөө ыктыярдуу болот, аны түшүндүрүү жолу менен гана жүргүзүү керек".

Акыйкатчы Токон Мамытов да алардын "115" түз байланыш номерине ошондой арыз-даттануулар түшкөнүн билдирип, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин мажбурлап эмдөөгө жол бербөөгө чакырды:

"Элди коркутуп-үркүткөнгө жол бербеш керек. Тескерисинче, жергиликтүү бийликтер мыйзамдуулукту, адам укуктарын сактап, "эмделди деген справка алып келбесең жумуштан бошотом, сыйлык, айлыгыңды албайсың" деген терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө тийиш", - деди Мамытов.

Вакцина тууралуу көптөгөн айың-кептер, бурмаланган маалыматтар эң башынан бери эле тарап келатат. Антивакс же эмдөөгө ишенбеген, каршы чыккан адамдар дүйнөнүн чар тарабында акцияларды уюштуруп жатышат. Кээ бирлер эмделип же эмделбөө ар бир адамдын өз тандоосу болуш керек дешсе, башкалары элди көзөмөлдөө үчүн "чип салып коюшат", "вакцина алгандар тукумсуз болуп калат экен" деген маалыматтарды таратышууда.

Кыргызстандын омбудсмени мындай бурмаланган маалыматтарга каршы түшүндүрүү иштерин күчөтүп гана күрөшсө болорун кошумчалады:

"Азыр жалгыз Кыргызстан гана эмес, бүт дүйнөнүн өкмөттөрү коронавируска каршы, анын жайылышын токтотуу үчүн, элдин, өзгөчө жаш балдардын, улгайгандардын өмүрүн сактап калыш үчүн эмдөө жүргүзүп жатышат. "Чип коет экен", "тигил, бул болот экен" деп акылы, билими жоктор маалымат таратып атышат. Ошону жалган маалымат деп туура түшүндүрсө, эл көнөт, эмдөөгө келет".

Буга чейин бир нече өлкөдө тейлөө же башка тармактарда иштегендер сөзсүз эмделүүгө тийиш деген эреже киргизилген. Тажикстанда 18 жаштан улуу жарандардын бардыгы милдеттүү түрдө вакцина алышы керек деген чечим кабыл алынган.

"Вакцина - чип эмес". Бишкектеги эмдөөнүн жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG