Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:23

COVID: эмдөө шартына нааразылык чыкты


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы басаңдай элек. Бир апта ичинде вирус 80ден ашык кишинин өмүрүн алды. Өлкөдө вируска каршы эмдөө мажбурлоо жолу менен жүргүзүлүп жатат деген нааразылык чыкты.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын 18-июлга карата берген маалыматына ылайык, акыркы бир күн аралыгында оорудан дагы 10 адам көз жумду. Алардын алтоо Чүй, экөө Ысык-Көл, бирөө Баткен, дагы бири Нарын облусундагы ооруканада жаткан.

Расмий маалыматка таянсак, вирус күн сайын 10-11 кишинин өмүрүн алууда. Акыркы бир аптада эле оорунун курмандыктары 80 кишиден ашты.

Өкмөттүн билдирүүсүндө, азыр вируска каршы эмдөө жараяны кызуу жүрүп жатат.

Жараян башталган 29-марттан бери 202 302 адам вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 100 миңге чукул адам экинчи дозасын алышты. Негизинен Sinopharm жана Sputnik-V вакциналары колдонулууда.

Акыркы убактарда өз каалоосу менен вакцина алууну көздөгөн элдин саны өсүп, медициналык мекемелерде кезек күткөндөр көбөйгөнү байкалат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү бийлик менен чогуу эл көп чогулган жерлерде - соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрүн ачууда.

Ошол эле кезде эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүүгө мажбурлоо болуп жатканы тууралуу нааразылыктар соцтармактарда жазыла баштады. Ушул күндөрү интернетте жарандардын видеокайрылуусу тарап, анда мажбурлоо менен укуктарыбыз бузулуп жатат деген топ бийликкке кайрылды. Алар мугалим, дарыгер жана башка кесиптеги жарандарды мажбурлоо туура эместигин айтып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 18-июлда билдирүү таратып, мажбурлоо менен эмдөө туура эместигин жарыялады.

Мекеменин "115" шыр байланыш кызматына вакцинаны милдеттүү түрдө алууга мажбурлап жатышканы тууралуу арыз-дооматтар көп түшүп жатканы белгилүү болду. Маалыматка караганда, кайрылгандар негизинен жетекчилик эмделбегендерди иштен кетиребиз же айлык акысын азайтабыз деп коркутуп жатканын билдиришкен.

Акыйкатчы институту учурда арыздар иликтенип жатканын маалымдап, эгер мажбурлоо фактылары аныкталса, тиешелүү жетекчилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Ошол эле учурда мекеме саламаттык үчүн вакцина алуунун маанисин белгиледи.

"Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын коопсуздугун, айланасындагы адамдардын бул коркунучтуу илдетти жуктуруп алуу коркунучун ойлоп, илдетке каршы вакцина алышы керек. Бирок жарандар эмдөөдөн мажбурланып эмес, оз ыктыяры менен өтүүсү үчүн үгүт иштерин жүргүзүү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагын уюштуруу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталат",- деп жазылган билдирүүдө.

Өкмөт, Коронавируска каршы республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын нааразылыгы тууралуу комментарий бере элек.

Дүйнөлүк саламаттык уюму коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн эмдөө зарылдыгын эскертип келет.

Расмий эсепке караганда, Кыргызстанда пандемия башталган 2020-жылдын мартынан бери коронавирустан каза болгондор 2175ке жетти.

18-июлда вирус дагы 1373 адамга жукканы аныкталды. Алардын басымдуусу Бишкекте - 832, Ош шаарында - 45, Чүй облусунда - 163, Ош облусунда - 57, Талас облусунда - 25, Нарында - 23, Ысык-Көлдө - 52, Жалал-Абадда - 57, Баткен облусунда - 119 кишиден табылды.

Бир жылдан ашык убакыттан бери 149 029 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. 125 161 адам илдетти жеңип, сакайып чыкты.

"Вакцина - чип эмес". Бишкектеги эмдөөнүн жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:12 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG