Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

"Дельта" штаммы тездик менен тарап жатат


Индонезияда коронавирустан өлгөн кишинин сөөгүн жерге берип жатышат.
Индонезияда коронавирустан өлгөн кишинин сөөгүн жерге берип жатышат.

Азиядагы бир катар мусулман мамлекеттеринде коронавирустун күч алышына байланыштуу жарандарга айттаганга жана мечитте чогулуп намаз окууга тыюу салынды. Калкынын 88% мусулмандар түзгөн Индонезияда бир күндө 1330дан көп адам көз жумду. АКШ жана башка мамлекеттерде лидерлер жарандарын эмдөөдөн өтүүгө чакырып жатышат.

Индонезиянын тургуну Арди Новриансьях буга чейин такси айдап жан бакчу. Коронавирус күч алгандан бери ыктыярчылардын командасына кошулуп, жабыркагандарга жардам бере баштаган. Учурда Арди Богор шаарында ооруканада орун жоктугунан, үйдөн дарыланып жатып көз жумгандардын сөөгүн алып кетип, жерге берүүгө жардамдашып жүрөт. Анын координатору Рино Индира Густавиан күндөн-күнгө алардын иши оорлошуп баратканын айтып берди.

"Биринчи күнү бир эле адам өлгөнүн айтышкан. Экинчи күнү үч адамдын сөөгүн алып чыктык. Ал эми бүгүн жетиге жетти. Кырдаал начарлап баратат. Богор шаарындагы акыбал оор", - деди Густавиан.

Индонезия коронавирустун очогуна айланды. 19-июлда бул илдеттен көз жумгандардын саны 1330дан ашты. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. 270 миллион калкынын дээрлик 90% мусулмандар түзгөн бул мамлекетте Курман айт майрамында айттаганга тыюу салынды.

Бирок Бангладеште айтка байланыштуу чектөөлөр сегиз күнгө алынды. Адистер мындай чечимден улам ооругандардын саны көбөйүп, ансыз да араң жан турган саламаттык сактоо системасын такыр иштен чыгышы ыктымал деген кооптонуп жатышат.

Индонезиянын баш калаасы Жакартадагы ооруканалардын биринде коронавирустан дарыланып жаткан бейтап.
Индонезиянын баш калаасы Жакартадагы ооруканалардын биринде коронавирустан дарыланып жаткан бейтап.

АКШ: эмдөө жай жүргөн штаттарда ооругандар көп

Жалпы дүйнөдө коронавирустун "дельта" вариантынын тез жайылып жатканына байланыштуу пандемия кайра күч алышы мүмкүн деген кооптонуу пайда болду.

АКШда бир нече айдан бери коронавирусту жугузуп алгандардын саны азайып келаткан болчу, июлда ал эки эсе жогорулады. Мындан улам саясий лидерлер айрым америкалыктарды вакцина алууга чакырышты.

Президент Жо Байден эмдөө чабал жүргөн штаттарда коронавирус менен ооругандардын саны көп экенин айтып, 19-июлдагы билдирүүсүндө экономиканын калыбына келиши пандемия менен күрөштүн жыйынтыгынан көз каранды экенин кошумчалады.

16 айдан бери жабык турган Канада вакцинанын эки дозасын алган америкалыктарга 9-августтан баштап чек арасын ачарын жарыялады. Бул мамлекеттин бийлиги 7-сентябрдан тартып баардык эмделген туристтерге уруксат берилерин ишара кылды.

Англия 19-июлда коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатканына карабастан көптөгөн карантин чараларын жойду. Буга чейин эксперттер коронавирустун "дельта" варианты кооптонуу жаратып жатканын эскертишкен.

Британияда учурда илдетке чалдыккандардын күнүмдүк көрсөткүчү 50 миңге жетип жатат. Бул январь айындагы эң жогорку көрсөткүчтөргө бир аз эле жетпейт дегенди билдирет.

Өкмөт коронавирус менен ооругандардын көбөйгөнүнө карабастан экономиканы калыбына келтирүү зарыл экенин билдирди. Анткени калктын 18 жаштан жогорку бөлүгүнүн 90% вакцинанын биринчи дозасын алышты, ал эми 68% толук эмдөөдөн өтүштү.

Европанын айрым мамлекеттеринде, анын ичинде Грекия, Нидерланддар, Испанияда коронавирустун тез жайылып жатканына байланыштуу кайра чектөөлөрдү киргизди.

Франция эмдөөгө басым жасоого жол берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Ал апта соңунда күчүнө кирери күтүлүп жатат. Мыйзамга ылайык, "медициналык паспорттун" кеңири системасы иштелип чыгат. Андан кийин соода борборлору, тамактануучу жайлар, ресторан-барлар сыяктуу коомдук жайларга эмдөөдөн өткөндөр же "коронавирус жок" деген тесттин жыйынтыгын көрсөткөндөр гана кире алышат.

Жон Хопкинс университетинин 20-июлга карата маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 191 миллиондон ашык кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Вирус 4 миллиондон ашык кишинин өмүрүн алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG