Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

Президент элди вакцина алууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 20-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Өлкө башчы Кыргызстанда ушуну менен экинчи жолу коронавируска байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен өтүп жатканын белгиледи. Ал жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө, ден соолукту бекемдөөгө чакырды.

“Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалышып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат”, - деп айтылат куттуктоодо.

Дүйнө мусулмандары 20-июлда Ислам дининдеги чоң майрамдардын бири – Курман айтты белгилешүүдө.

Коронавирус пандемиясынан улам эки жылдан бери Сауд Арабия падышалыгы өзүнүн жарандарына гана ажылык амалдарын аткарууга уруксат берген.

Кыргызстанда айт намазы борбордук аянттарда эмес, мечиттерде гана окулду. Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынды. Ар бир адам дааратты үйүнөн алып, өзүнүн жайнамазын көтөрө келиши керектиги эскертилген.

Дүйнө калкынын 1,7 миллиардын мусулмандар түзөт.

Кыргызстанда Курман айт майрамына байланыштуу 20-июль – дем алыш деп жарыяланган.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG