Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

COVID-19: дагы 10 адам көз жумду, вирус 1291 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 20-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 10 бейтап көз жумду. Бишкекте алты, Чүйдө эки, Талас менен Баткенден бирден киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 196​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 291 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 939 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 151 607 адамга жетти. Андан 127 692 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 552 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 222 бейтаптын абалы өтө оор, 1 345 кишиники оор деп бааланууда. Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келатышат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 19 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 208 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 435и сакайды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG