Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

COVID-19: Англия бардык чектөөлөрдү алды


Британиядагы эмдөө
Британиядагы эмдөө

Англияда 19-июлдан тарта коронавируска байланыштуу бардык чектөөлөр алынды. Мындай чечим өлкөдө COVID-19 вирусунун жугуштуу делген "дельта" түрү тарап жатканына карабай кабыл алынды. Өлкөдө карантиндик чектөөлөр 17 айдан ашык убакыт өкүм сүрдү.

Англияда чектөөлөр алынардын алдында британ премьер-министри Борис Жонсон менен финансы министри Риши Сунак коронавирус жугузган адам менен жолукканы үчүн 10 күндүк карантинде болорун жарыялашты. Андан мурун вирус өлкөнүн саламаттык сактоо министри Саджид Жавидден аныкталган эле. Ал 16-июлда өкмөттө Жонсон жана Сунак менен жолукканы белгилүү болду.

Учурда Британияда күн сайын 50 миңге жакын адамдан коронавирус аныкталууда. Бул сан быйыл январдын башындагы вирус жугузгандардын рекорддук көрсөткүчүнө бираз гана жетпейт.

Премьер-министр Борис Жонсон мындай көрсөткүчкө карабай чочулоочу жагдай жок деп экономиканы жолго коюу үчүн чектөөлөрдү алууга мезгил келди деп эсептейт. Британ премьери өлкөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн жапырт жүргөнүнө ишеним артууда. Ушул убакытка чейин кишилердин 90 пайызы вакцинанын бир дозасын алса, 68 пайызы эки дозасын сайдырды.

Алгач Индияда аныкталган COVID-19 вирусунун “дельта” варианты учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө тарап жатат. Анын айынан бир катар өлкөлөр чектөөлөрдү киргизүүдө.

Ушул тапта Түштүк Азиядагы өлкөлөрдө вирус жугузгандар көп болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG