Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Пандемия - паника


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы басаңдай элек. Бир апта ичинде вирус 80ден ашык кишинин өмүрүн алды. Өлкөдө вируска каршы эмдөө мажбурлоо жолу менен жүргүзүлүп жатат деген нааразылык чыкты.

Кыргызстандын Акыйкатчы институту 18-июлда билдирүү таратып, мажбурлоо менен эмдөө туура эместигин жарыялады. Өкмөт, Коронавируска каршы республикалык штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын нааразылыгы тууралуу комментарий бере элек. (“Азаттыктын” маалымат кабарынан).

Пандемия-паника

Көлдүн жээги - көлдөлөңдүү кумайда,

Көлгө түшчү көп эл болбойт бу жайда.

Көлдү булгап, көлдү пулдап көпөстөр,

Көпкөндөрү жакпай калды Кудайга...

Көрүнбөгөн көпчүлүккө көмүскө

Көкө-Теӊир - көзүн жумду “көп ишке”...

Көңүлүнө тийишкенде көзгө илбей,

“Ковид” жайды адам аттуу “көп итке”...

Анан “Ковид” кутурганда куйугуп:

“Пандемия - паникадай” туйулуп,

Адам кургур турат го азыр аргасыз,

Көздөн жашы көл-суу болуп куюлуп...

Адам-айбан алкымын эч тыйбады.

Айланасын, өзүн дагы булгады.

Таракандай Жерди-Сууну жеп-ичип,

Табигатты талап-тоноп кыйнады.

“Ковид” улам өңү өзгөрүп кубулат.

Алансайын жашоо тарып думугат.

Адам-аалам тазармайын негедир,

Пандемия өтпөчүдөй туйулат...

Калык Ибраимов, Улуттук жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, Философия илимдеринин кандидаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG