Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Пандемиянын оор шартында башталган Олимпиада


Олимпиада оюндарынын ачылышы өтө турган Токиодогу стадион.
Олимпиада оюндарынын ачылышы өтө турган Токиодогу стадион.

Пандемияга байланыштуу былтыр өтпөй калган Олимп оюндары Жапониянын баш калаасы Токиодо башталды. Калаада эпидемиологиялык кырдаал кооптуу болгондуктан оюндардын ачылыш аземи дагы шаан-шөкөтсүз өтөт деп күтүлүүдө. Уюштуруучулар буга чейин билдиргендей, 68 миң орундуу стадионго болгону 950 көрүүчү киргизилет. 15 дүйнө лидери катышат.

Коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Токиодо өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Эки апта мурда таймаштарга көрүчүүлөрдү киргизбөө чечими кабыл алынган. Алардын катарына чет элдик күйөрмандар дагы кирет.

22-июлда Токиодо эки миңге чукул адамдан коронавирус аныкталган. Бул жыл башынан берки эң жогорку көрсөткүч. Олимп оюндарына катышууга аккредитация алгандардын арасынан 90 киши вирус жугузуп алган. Алардын ичинде спортчулар дагы бар. Ирландиялык мушкер айым Келли Харрингтон коронавирустан коркконго убакыт жок экенин айтат.

"Мен көп деле корккон жокмун. Себеби биз күндө тест тапшырып жатабыз. Ирландиянын командасы обочодо болуп, колдорубузду дезинфекциялап, беткап тагынып, башкалар менен көп деле жолуккан жокпуз. Ошол себептен кооптонуу деле жок. Мен азыр бир гана таймаш тууралуу ойлонушум керек, кооптонгонго убакыт жок",-деди ал.

Спортчуларга 70 барактан турган эрежелердин тизмеси тапшырылды. Ага ылайык, Олимпиада кыштагында бири-бири менен кол берип учурашууга, кучакташууга тыюу салынат. Ошондой эле атайын программага кирбеген иш-чараларга барууга уруксат берилбейт. Спортчулар саналуу гана адамдар менен жолугуп турушу зарыл. Таймаштын катышуучулары беткапты түшүрбөй тагынуу керек. Аны уктап жатканда, тамак ичкенде жана мелдеш маалында гана чече алышат. Жеңүүчүлөр сыйлык алып жатканда беткабын чечкенге уруксат берилет. Андан тышкары Олимпиада кыштагында алкоголь ичүүгө болбойт.

Буга чейин илимпоздор иш-чарадан улам Токио коронавирустун очогуна айлынышы мүмкүн деген чочулоосун билдиришкен. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах окумуштуулардын кооптонуусун четке кагууга аракет кылды. Бах 22-июлда Жапониянын императору Нарухито менен жолугуп жатып баардык чараларды көрөрүн убада кылды.

"Биз жапон элине тобокелчилик жаратпаш үчүн колубуздан келген баардык чараларды кабыл алабыз. Бул олимп оюндары тарыхтагы эң чектелген спорттук иш-чара болуп калды".

Пандемия башталгандан бери Жапонияда 853 миң адам коронавируска чалдыгып, алардын 15 миңден ашууну көз жумду.

Дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин арасында Жапонияда вакцинация абдан жай жүрүп жатат. Күн чыгыш өлкөсүндөгү 126 миллиондой калктын 23% гана эмделди. Жергиликтүү медиа жазгандай, буга бийликтин туура эмес чечими себеп болду. Себеби, расмий Токио өз окумуштуулары ойлоп тапкан вакцинаны күтүп, башка жактардан заказ кылбай койгон. Учурда жапон вакцинасы сыноодон өтүп жатканына байланыштуу, препарат 2022-жылы гана пайда болору күтүлүп жатат.

Токиодогу XXXII жайкы Олимп оюндарына 207 мамлекеттен 11300 спортчу катышат. Бул жолу бейсбол, софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг сыяктуу спорттун беш түрү киргизилген. Токиодогу таймаштарга катышып жаткан спортчулардын ичинен 48,8% аялдар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG