Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

АКШ Кубанын коргоо министрин санкциялык тизмеге кошту


Куба. Гавана. Каршылык акциясынын катышуучуларын кармоо.
Куба. Гавана. Каршылык акциясынын катышуучуларын кармоо.

Америка Кошмо Штаттары ушул айдын башындагы каршылык акцияларын катаал жол менен басып, адам укуктарын одоно бузганы үчүн Кубанын коргоо министри Альваро Лопеса Миераны санкциялык тизмеге кошту.

Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлиги кабарлады. Мына ушундай эле чектөөлөр Кубанын Ички иштер министрлигинин Улуттук атайын бригадасына (SNB) карата дагы колдонулду.

Бул санкциялар коргоо министри Альваро Лопеса Миера менен Улуттук атайын бригаданын АКШдагы банк эсептерине бөгөт коюп, алар менен ар кандай каржылык алака кылууга тыюу салат.

АКШнын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кубанын Коргоо министрлиги менен Коопсуздук кызматы каршылык акциясына чыккан адамдарга кол салып, аларды мыйзамсыз кармап, камаган учурлар аныкталган.

“Бул каршылык акцияларын басууга аракет жасаган учурда жүздөн ашуун киши кармалып, жоголуп кеткен”, – деп жазылган АКШнын Финансы министрлигинин билдирүүсүндө.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес "Твиттер" баракчасына киргизилген санкциялар негизсиз экенин айтып, айыптоолор жалган ушактардан турат деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG