Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

COVID-19: Орусияга барган кыргызстандыктарга тест тууралуу талап өзгөрөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусияга барган кыргызстандыктар 25-июлдан тартып коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын уюлдук телефондогу “COVID-19cуз саякаттайм” деген тиркеме аркылуу көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлады.

Ага ылайык, Орусия 20-июлда өлкөгө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден келген жарандарга жаңы талап киргизген. Тесттин жыйынтыгы Орусияга барарга үч күн калгандан кем эмес аралыкта чыгышы шарт.

Ал эми аталган уюмга мүчө мамлекеттерге Орусия аркылуу үчүнчү өлкөдөн келаткан жарандар ПЦР тестин, авиабилетин көрсөтүшү талап кылынат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстанда айрым жеке лабораториялар "COVID-19суз саякаттайм" маалымат тутумуна кошулганын белгиледи.

Орусиядагы мындай талап ушул жылдын 1-сентябрынан тартып КМШдагы айрым өлкөлөргө дагы колдонулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG