Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Казак телеканалдары Олимп оюндарын чагылдыруу укугун ала элек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жапониянын баш калаасы Токиодо өтө турган Олимп оюндарынын расмий ачылышына бир нече сааттар калды. Бирок Казакстандын телеканалдары спорттук мелдешти трансляцилоо укугун алганы белгисиз бойдон турат.

Спорт иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Серик Сапиев 23-июль күнү эртең менен "Студия 7" телепрограммасына курган маегинде олимпиаданы чагылдыруу укугун алуу боюнча сүйлөшүүлөр дагы деле жүрүп жатканын айтты. Ал ошондой эле анын жыйынтыгы жакынкы сааттарда белгилүү болорун билдирди.

Өткөн бейшембиде казак президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Даурен Абаев трансляциянын ээсинен чагылдыруу укугун сатып алууга мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Ушул жуманын башында "Казакстан" телеканалы атамекендик телеканалдар Олимп оюндарын чагылдыруунун баасын келише албаганы тууралуу билдирүү тараткан.

Телеканалдын маалыматы боюнча Олимп оюндарын чагылдыруу лицензиясынын баасы 2016-2018-жылдарга караганда 123% кымбат коюлган.

Ал эми Кыргызстандын телеканалдары Олимп оюндарын толугу менен чагылдыра турганы жарыяланды. КТРК Спорт телеканалы Олимпиаданы түз алып көрсөтүү эксклюзивдүү укугун бир нече ай мурун эле алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG