Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Токиодо коронавирустун жыл башынан берки эң чоң көрсөткүчү аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жапониянын баш калаасы Токиодо өтө турган Олимп оюндарынын ачылыш аземи 23-июлда жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00дө башталат (Бишкек убактысы кечки саат 17:00).

Бир жыл кеч өтүп жаткан Токио-2020 оюндарынын ачылыш аземи пандемияга байланыштуу бир топ чектөөлөр менен өткөнү турат.

Уюштуруучулар аземдин ачылышы боюнча кеңири маалымат жарыялаган жок. Оюндар өтө турган 68 миң кишиге ылайыкташкан стадиондо болгону 950 адам болот. Дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышары дайын болду.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн иш-чарага катышуусуна толук тыюу салган. Уюштуруучулар чет элдик көрүүчүлөрдүң көпчүлүгү Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганын жарыялады.

Токиодо 22-июлда коронавирус илдетинин жаңы 1979 учуру аныкталды. Бул жыл башынан берки эң чоң көрсөткүч.

Олимп оюндарына катышууга келгендердин ичинен 90 кишинин ПЧР-тестинен коронавирустун белгилери аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG