Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Олимпиада комитети беткап тагынбаган спортчуларга чара көрүлөрүн эскертти


Кыргызстандын делегациясы.
Кыргызстандын делегациясы.

Жапониянын The Mainichi маалымат агентиги Эл аралык олимпиада комитети Олимп оюндарынын ачылыш аземинде айрым спортчулардын беткапсыз катышканына көңүл буруп, санитардык эрежелерди сактоого чакырганын жазды.

Комитет өкүлдөрүнүн 24-июлда берген маалымат жыйынында Олимп оюндарынын аткаруучу директору Кристоф Дуби беткап тагынбагандарга чара көрүлөрүн эскертти.

Басылма олимп оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстан, Тажикстан жана Пакистандын делегация мүчөлөрү беткап тагынбай чыкканын белгилеген.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Ага дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG