Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Токио-2020: Роман Петров мелдештен четтеди


Роман Петров Олимп оюндарынын ачылуу аземи учурунда. Токио. 23-июль, 2021-жыл.
Роман Петров Олимп оюндарынын ачылуу аземи учурунда. Токио. 23-июль, 2021-жыл.

Кыргызстандык спортчу Роман Петров бүгүн, 25-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында фехтования боюнча мелдешке чыкты. Спортчу алгачкы беттешинде жеңишке жеткени менен экинчи таймашында жапониялык атаандашына жеңилип, мелдештен четтеп калды.

Спортчу мелдешти 1/32 финалдан баштап, алгачкы беттешинде түштүк кореялык Сегеон Маны 15:7 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта жапониялык спортчу, Азия оюндарынын жана Азиянын чемпиону Ямада Масару менен күч сынашып, 13:15 эсебинде жеңилди.

Фехтования боюнча мелдеш эртең мененки саат 9:00дө башталган. 36 спортчу күч сынашууда.Роман Петровдун машыктыруучусу Александр Черных мелдештен соң журналисттерге комментарий берип, жапониялык Ямада Масару Петров үчүн өтө күчтүү атаандаш болгонун белгиледи.

Токиодо олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Алар спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат.

Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып жатат. 24-июлда кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Ушул эле күнү суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өзүнүн көрсөткүчүн жаңылады. Бирок бул жарышта ал марага 1 мүнөт 00.23 секундада келип, 49 спортчунун ичинен 27-орунду ээледи.(GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG