Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Спорт дүкөндү жабууга алып келген чыр


Щвейцариянын жараны Даниел Бейшат менен кыргызстандык Виталий Гергерт

Бул сүрөт 2017-жылы Ысык-Көлдөгү Жыргалаң айылында тартылган. Андагы эки адам Кыргызстандын жараны Виталий Гергерт менен швейцариялык Даниел Бейшат. Азыркы учурда Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш иште бизнес өнөктөштөрдүн бири айыпталуучу, экинчиси жабырлануучу катары өтүп жатат. Экөөнүн талашы 1 миллиондон ашык евро.


Gergert Sport эмнеге жабылган?

Бишкектеги белгилүү дүкөндөрдүн бири Gergert Sport, ушул эле имаратта жайгашкан Vergnano кафеси 2021-жылдын 4-мартынан бери жабык турат. Анын эшигин күч органдарынын мөөрү кайтарууда. Дүкөндүн жабылышына мамлекетке келтирилген 21 миллион сом чыгым негиз болгон. Бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогон Финполициянын тергөө башкармалыгынын ошол учурдагы жетекчиси (мекеме 5-мартта жоюлуп кеткен) Куанычбек Рисбаев журналисттерге мындай маалымат берген:

“Бажы кызматынан 12-февралда Gergert Sport дүкөнүнө байланыштуу материал келип түшкөн. Бир күндөн кийин сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренесинин негизинде ("Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу") кылмыш иши козголгон. Тергөөдө белгилүү болгондой, Gergert Sport дүкөнүнүн атынан Франция, Германия жана Испаниядан товарлар сатылып алынган. Бирок бажы деклорациялары өзгөртүлүп, товардын аты, анын баасы өзгөртүлүп турган. Ушундай жол менен ири өлчөмдөгү салык төлөөдөн качып келишкен”.

Мындай кийин Gergert Sport убактылуу ачылып, көп өтпөй эле Ички иштер министрлиги тарабынан кайра жабылган. Качан ачылары азыр дагы белгисиз. Буга Щвейцариянын жараны Даниел Бейшаттын көрсөтмөсү негиз болгон.

Gergert Sport дүкөнү 4-марттан бери жабык турат.
Gergert Sport дүкөнү 4-марттан бери жабык турат.

Финансы полициясы жоюлуп кеткенден кийин, андагы бажы төлөмдөрүнө байланыштуу кылмыш ишин да ИИМдин Тергөө башкармалыгы карай баштаган. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында мындай деп айтылат:

“Арыздануучунун айтымында, Виталий Гергерт анын ишенимине кирип, Кыргызстандагы дүкөндөн товар сатуу сунушу менен ири өлчөмдөгү акча алган. Ал жабырлануучуга жылына 12% дивиденд төлөп берүүнү убадалап, бирок келишимди аткарган эмес. Аталган факт 17-мартта “Алдамчылык” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган”.

30-апрелде Виталий Гергерт Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга үй камагына чыгарылып, кийин анын мөөнөтү 28-августка чейин узартылган. Гергерт тергөө аяктаганга чейин Бишкек шаарынан чыга албайт.

Эмне болгон миллион?

Швейцариянын жараны Даниел Бейшат Виталий Гергерт менен 2016-жылдан бери бизнес өнөктөш болуп, Европа өлкөлөрүнөн товар алып Кыргызстанга жиберип турган. Ал Gergert Sport дүкөнүнө 2016-2020-жылдар аралыгында 814 миң 194 евро, 219 миң 204 доллар жана 2 миң 588 щвейцариялык франктын товарын сатып бергенин айтууда.

Каражаттын көбүн UBS банкынан насыя катары алган. UBS – дүйнө жүзү боюнча финансылык кызмат көрсөткөн холдинг. Анын башкы кеңсеси Швейцариянын Цюрих шаарында жайгашкан.

Даниел Бейшаттын UBS банкынан алган документтин көчүрмөсү.
Даниел Бейшаттын UBS банкынан алган документтин көчүрмөсү.

Даниел Бейшат аталган банктан алынган документтерди далил катары көрсөтүп жатат. Ал жердеги транзакцияларда Бейшаттын атынан Виталий Гергертке которулган акчалардын суммасы, каражаттын кайсы магазинге жөнөтүлүп жатканы жазылган. Бейшат териштирүү башталганда акча которгон дүкөндөргө расмий кат жолдоп, Gergert Sportко товар сатып алганын тастыктаган жооп алган. Ал кээ бир дүкөндөр иштебей турганын, Гергерт ушундай жол менен анын акчасын оффшордогу компанияларга чыгарып кеткенин билдирүүдө.

“Виталий Гергерт кайсыл дүкөндөн, канча товар алыш керектигин айтып турчу. Мен аларды сатып алгандан кийин Кыргызстанга жиберип тургам. Биз чогу иштешип баштаган 2016-жылдары акчаны, үстөк пайызын кечиктирбей берип турган. Ишенимге киргенден кийин ири суммадагы акча сурап баштаган. Бирок убакыт өткөндөн кийин акчаларды өз убагында бербей калды. Мындан тышкары Виталий Гергерт товарларды Латвияга которуп, ал жактан бажы документтерин жасап жүргөнүн кийин билдим. Сурасам, “Кыргызстанда бардыгы ушунтип иштейт” деп койгон. Мен акча которгонумду Щвейцариядан алынган документтер менен далилдей алам. Ал жакта документтерди жөн эле бере бербейт. Түзүлгөн келишимде акчаны кандай шартта алып жатканы, качан кайтарып бере турганы так жазылган”.

Даниел Бейшаттын айтымында, түзүлгөн келишимдин негизинде Виталий Гергерт 1 млн. 444 миң 374 евро бериш керек. Бул сумманын ичинде негизги сумма, анын үстөк пайызы (12-24%) бар. Бейшат Виталий Гергерттин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган. Анткени, Гергерттин эркиндикте жүрүшү кылмыш ишине байланыштуу документтерди жок кылууга, ага катышы бар адамдар менен келишип алууга шарт түзөт деп эсептейт. Бейшаттын жубайы, Кыргызстандын жараны Мурипа Бейшат анын үй-бүлөсүнө басым күч болуп жатканын маалымдады.

“Жолдошум Кыргызстанга инвестиция салам дегенде дароо каршы болуп, “сен Кыргызстанды билбейсиң, бат эле алдап кетишет” деп айткам. Бирок мени такыр укпай койду. Азыр көп жерге кайрылдык. Бирок жыйынтык болбой жатат. Виталий Гергерт бир сом бербей турганын билдирүүдө. Өткөндө биз жашаган үйдүн алдынан үч жигит басып келип, “өз мамлекетиңерге кеткиле” деп коркутуп кетишти. Мен сүрөткө тартканга жетишпей калдым. Жолдошум аябай коркуп калды. Биз Швейцариядан алган насыябызды төлөшүбүз керек. Эгер алардын “кара тизмесине” кирип калсак, анда бизге ишенич жоголот”.

Гергерт айыптар менен макул эмес

Эки кылмыш иште аты аталып жаткан Виталий Гергерт комментарий берүүдөн баш тартып, муну тергөө жүрүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Бир күндөн кийин анын жактоочусу Автандил Алимжанов байланышып, Виталий Гергерт “Алдамчылык” беренесинин негизинде коюлуп жаткан айып менен макул эместигин билдирди. Ал эми салыктан качуу боюнча күнөөсү далилдене турган болсо, мамлекетке келтирилген чыгымды (21 миллион сом) төлөп бергенге даяр экенин айтты.

“Азыркы учурда “Бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши боюнча аудит жүрүп жатат. Анын тыянагы чыккандан кийин тергөө башталат. Бул факт боюнча чоң суроо бар. Коюлган айып далилдениши керек. Эгерде тергөө аныктап чыкса, анда келтирилген чыгымды төлөп бергенге даярбыз. Ал эми “Алдамчылык” фактысы боюнча Виталий Гергерт өз чындыгын далилдегенге даяр”.

Алимжанов Даниел Бейшат жоопкерчиликтен качуунун айласын издеп жатат деп эсептейт. Себебин мындай деп негиздеди:

“Даниел Бейшат менен Виталий Гергерт көптөн бери бизнес өнөктөш болуп жүргөн. Пандемия учурунда соода болбой, андан кийин бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу боюнча иш пайда болгон. Бейшат бажыдагы иштерден кабардар болгон. Ошон үчүн өзүнөн жоопкерчиликти алуу максатында Гергертке каршы арыз жазып салган. Эми ортодогу түзүлгөн келишим боюнча түшүндүрөйүн. Ал Швейцариядан насыя алуу максатында гана түзүлгөн. Анын юридикалык күчү жок”.

Gergert Sport - Бишкектеги белгилүү дүкөндөрдүн бири. Ал жерде туризмге, спортко керектүү товарлар сатылат. Гергерт Виталий дүкөндүн юридикалык ээси эмес, ал жалпы ишкерликти башкарат.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG