Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Садыр Жапаров: Абал туруктуу, инвесторлорго эшигибиз ачык


Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр.
Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр.

Келерки жылдын март айынан тартып Кыргызстандын бийлиги жаңы система менен иштей баштайт жана өкмөт зарыл болсо өзүнө караштуу жерлерди ишкерлерге бекер берүүгө, аларды салыктардан бошотууга даяр. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы отурумунда билдирди.

Жапаров Кыргызстандагы азыркы абал тууралуу айтып, өлкөнүн ичинде туруктуулукту бузууга аракет кылган күчтөр болуп жатканын, аларга жол берилбей турганын белгиледи. Ал конституциялык реформа мыйзамга ылайык жүргүзүлөрүн, президенттик жана парламенттик шайлоо референдумдан кийин, мартка чейин өтөрүн билдирди.

Өкмөт башчы ким кааласа, өзүнө ылайыктап жазып алган да, ишкерлерге каршы келген да мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоо боюнча тапшырма берилгенин, аткаруу үчүн эки-үч ай талап кылынарын айтты:

«Буга чейин келген инвесторлордон үлүш сурап, иш баштала электе эле акча сураган фактылар абдан көп болгон экен. Биздин өлкөгө ири инвесторлор келбей качып жатканы ошондон. Инвесторлорго биздин эшигибиз дайыма ачык. Керек болсо мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн жакшы долбоорлор болсо, өкмөткө тиешелүү жерлер болсо бекер бергенге, салыктардан бошотконго да даярбыз».

Жапаров ишкерлерди колдоо максатында «ишеним телефону ачыларын» айтып, инвесторлорго колдоо көрсөтүлбөсө, туристтер келбесе, коррупция жоюлбаса мамлекет өнүкпөй турганын белгиледи. Ал бул маселелерди чечиш үчүн баарын ачык айтып, жардам берүүгө чакырды.

Жыйынга катышкан бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өз сөзүндө соңку жети ай кыргызстандык ишкерлер үчүн өтө оор болуп жатканын, бийликтин ишкерлерге шарт түзүп, колдоо көрсөтүүгө багытталган демилгелери колдоого татыктуу экенин билдирди. (RK)

Куулган бийлик, куураган инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:50 0:00

XS
SM
MD
LG