Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Казакстан: акимдерди түз шайлоо башталды


Казакстандагы шайлоо тилкелеринин бири.
Казакстандагы шайлоо тилкелеринин бири.

Казакстанда 730 шайлоо округунда айыл акими кызматына эки миңден ашык талапкер катышып жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 1419 талапкер өзүн көрсөтсө, 878 киши саясий партиялардын жарышка чыкты.

Шайлоо алдындагы жымжырттык күнү президент Касым-Жомарт Токаев “Твиттердеги” баракчасына “бул окуя саясий модернизациянын жаңы баскычынын белгиси” деп жазды.

Казакстанда акимдерди түз шайлоону коомчулук талап кылып келген. Токаев 2020-жылдын сентябрь айында ушундай ыкмада шайлоо болорун билдирген. 2021-жылдын май айында мыйзам өзгөртүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG