Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

"Бир дүйнө-Кыргызстан" 25-июлда Аскаровду эскерүү күнүн белгилейт


Азимжан Аскаров Бишкектеги сот залында. 10-июль, 2017-жыл.
Азимжан Аскаров Бишкектеги сот залында. 10-июль, 2017-жыл.

Июнь окуяларына айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун каза болгонуна туура бир жыл болду. Ал былтыр 25-июлда №47 абакта 69 жашында пневмониядан көз жумган. 10 жылдан бери Аскаровдун укугун коргоп келген “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму 25-июлду укук коргоочуну эскерүү күнү катары жарыялап, кыргыз бийлигин эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууга чакырды. Аскаровдун жакындары укук коргоочунун акталышын, анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып келишет.

Аскаровдун өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтөө жүргүзүп, кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу тергөө токтотулган. Мекеме муну "Аскаров каза болгон учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал оор болуп, натыйжада анын өлүмүнө эч ким жооптуу деп эсептелбеши керек" деп негиздеген.

Укук коргоочунун аялы Хадича Аскарованын жактоочусу Айдар Сыдыков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы иликтөөнү токтотконун мыйзамсыз деп эсептеп, Свердлов райондук сотуна кайрылган. Райондук сот маркумдун өлүмү боюнча даттанууну канааттандырган эмес. Учурда Сыдыков Бишкек шаардык сотуна кайрылууга камданып жатат.

23-июлда Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин эл аралык милдеттерин аткарып, Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз, калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Андан тышкары Аскаровдун үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилиши керек деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соттолушу, андан кийин өлүмүнө байланыштуу Европа Биримдиги, Журналисттерди коргоо комитети, (CPJ) Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму сыяктуу абройлуу эл аралык уюмдар байма-бай билдирүү жасап, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып келишет. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун ишин адилет териштирүү, кыйноого кабылган жагдайларды иликтөө жана абактан бошотуу менен айыптоо өкүмүн жокко чыгарууну сунуштаган.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында “улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталган.

Аскаровду Базар-Коргон райондук соту 2010-жылы 15-сентябрда өмүр бою эркинен ажыраткан, аны Жогорку сот 2011-жылы 20-декабрда күчүндө калтырган. Иш 2015-жылы кайра каралып, бирок өкүм өзгөргөн эмес. Тергөө Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдирген.

Укук коргоочу көзү тирүү кезинде байма-бай кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин айтып келген.

Абакта каза тапкан Аскаровдун сөөгү былтыр 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилген.

XS
SM
MD
LG