Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Европада пандемиядагы чектөөлөргө каршы акция өттү


Париждеги акция.
Париждеги акция.

Европанын бир нече шаарында ишембиде коронавируска каршы эмдөөнүн эрежелерине нааразы болгон он миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Францияда акцияга 160 миңдей киши катышты. Алар ресторан жана башка коомдук жайларга атайын уруксат менен киргизүүнү милдеттендирген мыйзам долбооруна каршы болушууда. Демонстранттар бардык медициналык кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүүгө дагы каршылык билдирип жатышат.

Негизинен акциялар тынч өттү. Парижде чогулгандардын бири күч кызматкерине отургуч ыргытып жибергенден кийин полиция акцияны суу бүркүгүч техника менен кууп таратты. Францияда музей, кинотеатр, туристтик жай жана башка коомдук жайларга атайын уруксат менен киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Уруксат алуу үчүн жарандар эмдөөдөн өтүп жана коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ушундай эле акция Италиянын Рим жана башка шаарларында өттү. Италияда дагы өкмөт коомдук жайларга кирүү үчүн оорубаганын тастыктаган уруксат талап кылат. (TSh)

XS
SM
MD
LG