Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:36

Мээ уйку учурунда да активдүү иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул күндөрү дүйнөдө алгачкы ирет адамга жасалма жүрөк имплантталды. Кытайдагы Тибет тоолорунан алынган мөңгү муздарынан 15 000 жыл мурунку вирустар табылды. Уйку учурунда мээ эмнелерди ойлонору белгилүү болду. “Азаттыкта” илимдеги акыркы жаңылыктардын топтому.

Адамга жасалма жүрөк салынды

Дүйнө жүзүндө донордук органдардын жетишсиздиги чоң көйгөй бойдон калып келет. Кайсы бир органын трансплатациялоо үчүн жылдап кезекте тургандар миллиондоп саналат. Учурда бул көйгөйдөн чыгууга жасалма органдар гана жардам берүүдө. Ушул күндөрү дүйнөдө алгачкы ирет адамга жасалма жүрөк имплантталды. Бул жөнүндө маалымат Америкадагы Дьюк университетинин сайтына жарыяланды.

Дьюк университетинин ооруканасында жүрөк кемтиги менен жабыркаган адамдын жүрөгү убактылуу жасалма жүрөккө алмаштырылды. Жейкоб Шредер жана Кармело Милано баштаган дарыгерлердин тобу 39 жашар адамга донордук жүрөк табылганга чейин жашай туруусу үчүн убактылуу жасалма жүрөк салышты.

Франциялык Carmat компаниясы өндүргөн Aeson деп аталган жасалма жүрөк кадимки жүрөктөй эле биологиялык клапандарга ээ. Аны жасоого жаныбарлардын ткандары колдонулган. Жасалма жүрөк сырткы булактын жардамы менен кубатталат. Тактап айтканда, бейтап 4 килограмдык сумка көтөрүп жүрүүгө мажбур. Анда техниканын өз алдынча иштешин камсыздаган аккумулятор болот.

Адистердин айтымында, жасалма жүрөк адамды эч нерседен чектебейт. Адам кадимкидей эле жашай берет. Атайын алгоритмдер жүрөктүн согушун адамдын кыймыл-аракетине жараша жөндөй алат.

Муздан табылган байыркы вирустар

Кытайдагы Тибет тоолорунан алынган мөңгү муздарынан 15 000 жыл мурунку вирустар табылды. Бул вирустар калың муздардын арасында тоңуп калгандыктан, бузулбай ушул күндөргө чейин сакталып калган. Кызыгы, алар учурда белгилүү вирустарга окшош эмес.

Огайо университетинин окумуштуулары 2015-жылы Кытайдын батыш тарабындагы 22 фут же 6700 метр бийиктиктеги Гулия мөңгүсүнөн алынган муз катмарларын анализдеп көрүшкөн. Муз катмарлары жыл сайын калыңдап жана ошол кезде атмосферада болгон бардык нерсени өзүнө сиңирип отурган. Ар бир муз катмары климаттын өзгөрүүсүнө, микробдорго, вирустарга, газдык курамдарга байкоо жүргүзүүгө жардам берет. Изилдөө үчүн алынган муз катмарларынын топтолушу 15 миң жылга чамалаган.

Натыйжада мөңгү музунан 33 вирустук гендик материал табылды. Анын төртөө мурда белгилүү болсо, калган 29 түрү илим үчүн жаңылык. Вирустардын жарымы тоңуп калгандыктан, аликүнчө тирүү болгон. Жыйынтык көрсөткөндөй, вирустар адамдардан же жаныбарлардан эмес, өсүмдүктөрдүн тамырларынан келип чыккан.

Огайо университетинин окумуштууларына таандык бул ачылыштын жыйынтыгы Microbiome илимий журналына жарыяланды. Эми бул маалыматтар вирустардын эволюциясы кандай жүргөнүн түшүнүүгө көмөктөшөт. Изилдөөнүн улук автору, Огайо университетинин Жер боюнча илимдеринин профессору Лонни Томпсон: “Мөңгүдөгү вирустарды изилдөө бул илимдеги жаңы жана маанилүү багыт. Бактериялар менен вирустар климаттын өзгөрүүсүнө кандай реакция жасашат? Муз доорунан жылуу доорго өтүү кандай жараяндар менен коштолот? Бул нерсени айрыкча климат өзгөрүп жаткан учурда түшүнүү абдан маанилүү”, – деди.

Уйку учурунда мээ эмнелерди ойлойт?

Биз орточо эсеп менен жашообуздун үчтөн бир бөлүгүн уктоо менен өткөрөбүз. Мынча убакыт ичинде биздин мээ эмне кылат? Бул суроого уйку учурундагы мээнин аракетин чечмелеген жасалма интеллекттин атайын ыкмасын колдонуп, Женева университетинин окумуштуулары жооп издеп көрүштү.

Алар функционалдык магниттик-резонанстык томографияны, электроэнцефалографияны айкалыштырып көрүп, адам күн ичинде чогулткан маалыматтын баарын терең уйку учурунда ирээттеп чыгарын далилдешти. Чын эле, уйку маалында адам сырттан маалымат алууну токтоткондуктан, мээ үчүн бардык эскерүүлөрдү баалап, керектүүлөрүн керексизинен ажыратып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Женева университетинин медициналык факультетинин фундаменталдык нейроилимдер кафедрасынын илимий кызматкери Виржиния Стерпанич: “Биз уйку учурунда мээнин кайсы бөлүктөрү иштерин жана алар эс тутумду кантип калыптандырарын билгибиз келди. Ал үчүн биз атайын декодер иштеп чыктык. Асыресе биз жагымдуу эмоциялар бул жараянда кандай роль ойнорун байкагыбыз келди”, - дейт.

Тажрыйбага катышкан ыктыярчыларга эки оюнду ойноп көрүү тапшырмасы берилген. Биринчисинде катышуучулар лабиринттен чыгышы керек болсо, экинчисинде жүздөрдү туура табуу шарт болгон. Оюн учурунда катышуучулардын мээсинин активдүүлүгүн байкап турушкан. Окумуштуулар катышуучуларга билдирбей, алардын бир бөлүгү биринчи оюнда, дагы бир бөлүгү экинчи оюнда жеңе тургандай кылып коюшкан. Андан соң ыктыярчылар уйкуга кетишкен.

Уйку учурунда деле катышуучулардын мээси оюн учурундагыдай эле активдүү болгон. Кызыгы, мээ көбүнчө жеңиш тууралуу көбүрөөк ойлонору аныкталган. Бул тажрыйбадан эки күн өткөн соң катышуучулар оюнга байланыштуу тесттен өтүшкөн. Натыйжада окумуштуулар уйку учурунда жеңишке, жетишкендикке, сыйлыктарга байланыштуу окуялар эс тутумда көбүрөөк калат деген тыянак чыгарышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG