Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

БУУ: Ооганстанда карапайым элдин өлүмү көбөйдү


Кабул. Ооганстандагы көрүстөн.
Кабул. Ооганстандагы көрүстөн.

Ооганстанда май-июнь айларында өлтүрүлгөн жана жаракат алган жайкын тургундардын саны 2400гө жетти. Эки айдагы адам өлүмүнүн саны 2009-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча Миссиясы кабарлады.

БУУнун маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Ооганстанда аялдар менен балдардын өлүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу 46% көбөйгөн. Өткөн алты айда 468 бала жана 219 аял киши колдуу болгон. Жаракат алган жаш балдардын саны 1214 түзсө, 508 аял жарадар болгон.

БУУнун Ооганстанга көмөк көрсөтүү Миссиясынын 26-июлда жарыялаган баяндамасында январь-июнь айларында жаракат алган жана каза болгон карапайым элдин саны 5183кө жеткени көрсөтүлгөн. Анын ичинен каза болгондор 1659 адамды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47% көбөйгөн.

Буга “Талибан” кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн май айынан баштап салгылаштары күчөгөнү себеп катары көрсөтүлгөн.

АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин “Талибан” кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG