Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Грузияда Батыш өлкөлөрү менен бирге аскердик машыгуу башталды


Agile Spirit- 2021, аскердик машыгуусуна АКШдан Грузияга учуп келген жоокерлер. 26-июль, 2021-жыл.
Agile Spirit- 2021, аскердик машыгуусуна АКШдан Грузияга учуп келген жоокерлер. 26-июль, 2021-жыл.

Грузия менен АКШнын армиясы башында турган 15 союздаш жана өнөктөш өлкөнүн 2,5 миңден ашуун аскеринин Agile Spirit машыгуулары 26-июлда башталды.

Ал Грузиянын беш полигонунда 6-августка чейин уланат. Бул тууралуу АКШнын Европа менен Африкадагы армиясынын башкы штабынын билдирүүсүндө айтылат.

Agile Spirit аскердик машыгууларынын ачылышы Грузиянын "Сенаки" аскер базасында өтөт. Ал эми жабылышы "Орфоло" полигонунда уюштурулат.

Бул аскердик машыгуулар 10-ирет уюштурулууда. Анын негизги максаты катышуучу-өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн өз ара шайкештиги менен ыкчам кызматташтыгын чыңдоо. Аталган машыгуулар Грузияда биринчи жолу 2011-жылы башталган. 2018-жылдан бери жылына эки ирет өткөрүлүп келет.

Машыгууга катышкан 2,5 миң жоокердин 80% Грузиянын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери. 700дөй жоокер АКШдан, 250 катышуучу башка өлкөлөрдөн келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG