Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

АКШ Тажикстанга 1,5 млн. доза Moderna вакцинасын берди


Тажикстан АКШдан келген Moderna вакцинасын алды. 26-июль, 2021-жыл.
Тажикстан АКШдан келген Moderna вакцинасын алды. 26-июль, 2021-жыл.

COVAX программасынын алкагында COVID-19 илдетине каршы 1,5 млн. доза Moderna вакцинасы атайын учак менен 26-июлда Дүйшөмбү шаарына жеткирилди.

Вакцинанын жаңы партиясы Тажикстанда коронавирус илдети кескин күчөгөн учурда келди.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 1,5 млн. доза вакцина адам өмүрүн сактоого өбөлгө түзөрүн айтып, элди тез арада эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Навруз Жафаров 1,5 млн. доза вакцина 750 миң адамга же калктын 13% эмдөөгө жете турганын билдирди.

Тажикстан буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун COVAX программасынын алкагында AstraZeneca вакцинасынын 192 миң дозасын алган.

Бүгүнкү күндө Тажикстанда 460 миң киши эмдөөдөн өткөнү кабарланды. Бийлик 18 жаштан жогоркуларга эмдөөнү милдеттендирген чечим кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG