Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека боюнча жаңы программа башталды, насыя алуунун жол-жобосу өзгөрдү. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) маалымат катчысы Жылдыз Бекбаева “Азаттыкка” билдиргендей, “Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасы 25-июлда расмий түрдө күчүнө кирди.

Эгер буга чейин ипотекалык насыя жылдык үстөгү 6-8 пайыз менен 15 жылга берилип келген болсо, эми 4 пайыз менен 25 жылга чейинки мөөнөткө бериле баштайт. Мурдагыдай дарыгерлер, мугалимдер жана башка социалдык жактан аз камсыз болгон категориядагылар деген чектөө болбойт, арыздар каалоочулардын баарынан кабыл алына берет.

Мындан тышкары МИКтин өзүнүн турак жай фонду түзүлүп, үйлөр көп жылдык мөөнөткө ижарага, андан ары менчикке берилет. Баштапкы төлөм деген талап мындан ары коюлбайт.

Кыргызстанда мамлекеттик ипотека системасы 2015-жылы иштей баштагандан бери 5240 адам насыя алды. Азыр кезекте дагы 10 миңдей адам бар.

Бишкекте насыячылар мамлекет ипотекага бөлгөн каражаттын үстөгүн азайтуу талабы менен бир нече жолу митинг уюштурушкан.

Коммерциялык банктарда ипотекалык кредиттин пайызы орточо 17-18% түзөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG