Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Директору коронавирустан каза болгон мектептин жаңы жетекчиси да көз жумду


Муратбек Жумалиев. Архивдик сүрөт.
Муратбек Жумалиев. Архивдик сүрөт.

Бишкекте директору былтыр коронавирустан каза болгон мектептин жаңы жетекчиси да дүйнө салды. Шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы 25-июлда №78 мектептин директору Мурат Жумалиев 61 жашында каза тапканын кабарлады. Мугалимдин өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган жок.

Мурат Жумалиев мугалимдик кесипке өмүрүнүн 39 жылын арнап, буга чейин Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназияны, №85 мектепти жетектеген.

№78 мектепке директор болуп бир жыл мурда, аталган мекеменин жетекчиси Элнура Музаева коронавирустан каза болгондо дайындалган.

Эмгек жолунда Жумалиев “Билим берүүнүн отличниги” наамына татыган, бир катар мекемелердин мактоо баракчалары менен сыйланган.

26-июлда мэриянын сайтына Бишкектин бардык мугалимдеринин атынан көңүл айтуу жарыяланды.

Бишкек шаарынын билим берүү тармагы 2020-жылы коронавирус эпидемиясы башталган алгачкы үч айда эле 12 кызматкеринен ажыраганын билдирген.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 158 120, каза болгондор 2261 адамга жетти.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG