Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Токио: Өзбекстан бир алтын, казак спортчулары эки коло медаль алышты 


Токиодо 23-июлда башталган Олимпиада оюндарынын үчүнчү күнүндө алты алтын алып Кытай спортчулары алдыга чыкты. Андан кийин Жапония беш, Америка Кошмо Штаттарынын спортчулары 4 алтын медаль алды.

Өзбекстандык 19 жаштагы Улугбек Рашитов спорттун таэквондо түрүнөн өз өлкөсүнүн капчыгына алгачкы алтын медалын салды. Казакстандык спортчулар эки коло медаль алышты.

Бүгүнкү күнгө карата спорттун бир нече түрүнөн жалпысынан 98 медаль ойнотулду.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылган. Ага дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышып, спорттун 33 түрү боюнча таймашууда. Оюндарда жалпы 339 медалдар топтому ойнотулат.

Олимпиадага Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган. Оюндар 8-августта жыйынтыкталат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG