Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Бишкектин вице-мэри пара алуу боюнча кармалды


Азамат Сагындык уулу.
Азамат Сагындык уулу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-июлда кармалган Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулуна козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат таратты.

Анда, мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалган мэрия кызматкери вице-мэр Азамат Сагындык уулуна каршы көрсөтмө бергени айтылат.

УКМК 23-июлда мурда алынган паранын 6 миң долларын кайтарып жаткан учурда мэриянын кызматкерин кармаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар Азамат Сагындык уулу менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн боюндагы кафени сактап калуу үчүн, реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп анын ээсинен тогуз миң доллар пара алышкан.

Азамат Сагындык уулу Бишкектин жер, курулуш жана архитектура саясаты боюнча вице-мэри болуп 2020-жылы декабрда дайындалган. Аны бул кызматка ошол кезде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турган Балбак Түлөбаев дайындаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG