Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

COVID-19: Эмделгендерге бекер интернет боюнча дагы бир оператор менен сүйлөшүү жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандарга белек иретинде интернет байланышын бекер бөлүп берүү максатында дагы бир мобилдик байланыш компаниясы менен сүлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 26-июлда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Өткөн аптада COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөргө бонус катары "О!” мобилдик операторунан 10 ГБ интернет берүү акциясы башталган.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 158 120, каза болгондор 2261 адамга жетти.

Учурда республиканын бардык аймактарында “СпутникV», Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Эмделгендердин жалпы саны 500 миңге чукулдады.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө коронавируска каршы эмдөө зарыл экенин белгилеген маанай менен катар ал кооптуу экенин айткандар да болууда.

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Ал элге кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө, вакцинацияга байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбөө чакырды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG