Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

27-июлдун аба ырайы


Сары-Челек.
Сары-Челек.

27-июлда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33…38;

Талас жергесинде түнкүсүн 17...22, күндүз 31…36;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 36…38 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 29…31° градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG