Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Түркия: коронавирус кайра баш көтөрдү


Анталия. Иллюстрациялык сүрөт.
Анталия. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги калктын төрттөн бири гана коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алганын, калганы такыр эмделе электигин кабарлады.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 25-июлда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 14 230 кишиге жетти. Бул май айынын ортосунан бери эң жогорку көрсөткүч. Апрель-май айларында Түркияда инфекция күчөп, бир күндө алты миңден ашык кишиден аныкталган. Мунун кесепетинен июнда түрк бийлиги үч жумалык толук карантин жарыялаган. Мындай катаал чектөөлөрдөн кийин коронавирусту жугузгандар азайып, ушул айдын башында президент Режеп Тайып Эрдоган чектөөлөр толугу менен алынганын жарыялаган.

Ошондой эле расмий Анкара беткап эрежеси тыкыр сакталарын жана эмдөө кампаниясы тездик менен жүрүп жатканын билдирген.

Былтыр пандемияда Түркиянын туристтик аймактарындагы бизнес эң көп материалдык зыянга учурады. Аны жандандыруу үчүн чет өлкөлүк туристтерди өлкөгө тартуу максаты көздөлгөн. Ал үчүн түрк бийлиги 12-апрелден бери жабык турган Орусия менен аба каттамдарын жандандыруу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп, эки айлык тыныгуудан кийин рейстер 21-июнда ачылган.

Стамбулдук айымдар беткапчан жүрүүдө. 2021-жылдын 22-январы.
Стамбулдук айымдар беткапчан жүрүүдө. 2021-жылдын 22-январы.

Муну менен катар Курман айтты утурлай өлкөдө бир жума майрам жарыяланып, орточо эсеп менен 10 миллион эл дал ушул туристтик аймактарга бет алышкан. Түркиядагы Жугуштуу оорулар коомунун жетекчиси, профессор Мехмет Жейхан жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Индиядан тараган коронавирустун "дельта" штаммы күч алып турганда орусиялык туристтердин Түркияга келиши кырдаалды курчутарын белгиледи.

"Орусияда коронавирустун "дельта" варианты күчөп турган маалда, биз аларга "келгиле, биздин мейманканалар коопсуз, жай баракат эс алгыла" деп жар салдык. Чынында, биз алардан кооптонушубуз керек болчу. Быйыл бир миллион орусиялык туристтер келди деп жатышат. Алардын ичинде вирус ташып жүргөндөрү бар экени талашсыз. Курман айтта бир жума каникулга чыккан түркиялыктар да Орусиядан келген туристтер менен бир мейманканада эс алышты. Эч ким беткап такпайт, вирус бири-бирине жугат. Майрам бүтүп үйүнө келген түрктөр ооруй баштаганда биз кырдаалды жөндөй албай каларыбызды сезип турам",- дейт Жейхан.

Турист демекчи, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин расмий маалыматы боюнча, быйыл алты айда өлкөгө төрт миллионго жакын чет өлкөлүк келген. Алардын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Украина жана Германиянын жарандары.

Ал эми Улуу Британия жана Израил Түркияны "кызыл тизмеден" чыгара элек жана бул эки өлкө Түркиядан баргандарга 10 күндүк обсервация эрежесин тыкыр көзөмөлгө алат.

Анталиядагы мейманканаларда тамактануу. 2020-жыл.
Анталиядагы мейманканаларда тамактануу. 2020-жыл.

Ал ортодо Түркиянын Саламаттыктты сактоо министри Фахреттин Кожа 25-июлда 83 миллион калктын төрттөн бири гана коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын сайдырганы менен, төрттөн бири такыр эмделе элек экенин кабарлады.

"23 миллионго жакын адам эмделе элек. Экинчи дозаны сайдырбагандардын саны 17 миллион. Вакцинанын эки дозасын алып, үчүнчү дозасын албаган адамдардын саны 9 миллионго жетти. Вакцинадан биз каалаган натыйжаны алуу үчүн, бул жараянды тез бүтүрүшүбүз керек. Учурдагы көйгөй - чектөөлөрдүн жеңилдетилиши. Келиңиздер, көзөмөлдү колго алалы",- деп жазды министр.

Ал ошондой эле өткөн айда Түркияда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштаганын айтты. Буга чейин эки доза вакцина сайдырган, 50 жаштан жогорку жарандар жана медициналык кызматкерлер каалаган вакцинанын үчүнчү дозасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Айрым түркиялык серепчилер, калкты эмдөө кампаниясына ыкчам катышууга үндөө үчүн вакцина сайдыргандарга концерттерге акысыз билет же мобилдик операторлордон бирдик таратууну сунуштап жатышат. Анткени, жаштардын арасында коронавируска каршы вакцина сайдырууга каршы болгондор көп экени айтылууда.

Учурда Түркияда Sinovac жана Pfizer/Biontech вакциналары сайылууда. Вакцинаны түркиялыктар гана эмес, өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат.

Өлкөдө 1-июлдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынды. Бирок коомдук жайларда жана транспорттордр беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилген.

Түрк жергесинде коронавирус жугузуп алгандар биринчи жолу былтыр 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 25-июлда Түркияда вирустан өлгөндөр 50 508 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар беш жарым миллиондон ашты.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG