Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:24

Түркия: Карантинде туристтер эркин жүрө алышат


27-апрелде түрк бийлиги үч жумалык толук локдаун жарыялады. Түркияда туруктуу иштеп жаткан мигранттар да бул катаал эрежелерди сактоого милдеттүү. Ал эми кыска мөөнөткө барган туристтер ээн-эркин жүрө алышат. Ошондой эле эл аралык учак каттамдары белгиленген график боюнча аткарылары кабарланды.

Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой (Mehmet Nuri Ersoy) катаал карантин эрежелери өлкөгө кыска мөөнөткө келген туристтерге гана тиешелүү болбогонун айтты.

“Түркияга кыска мөөнөткө эс алууга келген туристтерге карантиндик чектөөлөрдүн тиешеси жок экенин өзгөчө белгилейм. Алар паспортун көтөрүп алып, көчөдө каалагандай жүрө алышат. Катаал карантин маалында өлкөнүн айрым музейлери туристтер үчүн ачык болот. Бир чети Түркияда ушул тапта турист болуу өтө ыңгайлуу. Анткени тыгын же көчө толо киши болбойт, туристтер кенен басып жүрө алышат”.

Анталиядагы мейманканалардын бири.
Анталиядагы мейманканалардын бири.

Министр май айынын этегине чейин Түркиянын туристтик аймактарындагы ишчилер коронавируска каршы толук эмделерин кошумчалады. Бирок социалдык тармактарда туристтерге каралган бул “жеңилдиктерге” нааразы болгондор, туристтер да карантин эрежелерин бекем сактоого милдеттүү болушу керек дегендер аз эмес.

Орусия эпидемиологиялык абалдан улам Түркия менен аба каттамдарын 15-апрелден 1-июнга чейин токтоткон.

Түркиянын статистикa комитети 2020-жылга салыштырмалуу өлкөгө келген туристтердин саны 69 пайызга азайганын билдирди. Өлкөнүн Анталия аймагындагы айрым мейманканалар пандемияда ишин токтотууга аргасыз болушту.

27-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында өзгөчө ири шаарларда коронавирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйгөндүктөн чектөөлөр күчөтүлүп, бул ирет толук локдаун киргизилгенин кабарлады. Акыркы апталарда өлкөдө коронавирусту күнүнө миңдеген киши жуктуруп, каза тапкандардын саны кескин көбөйгөн. Эми Түркияда элге 29-апрелден тартып 18 күн бою көчөгө чыгууга тыюу салынмакчы.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Ал арада Түркиядагы локдаундун эл аралык аба каттамдарга тиешеси жок экени да кабарланды. Алардын катарында Стамбул-Бишкек-Стамбул абакаттамдары мурдагы калыбында эле улантылмакчы.

Локдаун учурунда эл аралык аба каттамдар тууралуу Түркиянын Ички иштер министрлиги интернет баракчасында “Чет өлкөгө чыгууга эч кандай чектөө жок” деген атайын билдирүү таратты.

Ошондой эле билдирүүдө чет өлкөдөн Түркияга бара турган же чет өлкөгө чыга турган ар бир жаран 72 саат мурун тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү экени белгиленген.

29-апрелде баштала турган локдаунда Түркиянын ичинде учак рейстери толугу менен токтойт, бирок аймактар арасында автобус каттамдары жарым-жартылай гана иштери кабарланган.

Кабыл алынган чечимге ылайык бейшембиден баштап 18 күн бою азык-түлүк дүкөндөрүнөн жана дарыканалардан башка бардык мекемелер жабык болот.

Өткөн аптада Түркиянын ички иштер министри Сүлейман Сойлу (Süleyman Sojlu) “туристтей болуп, бирок мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарга” эскертүү берип, карантиндик чектөөлөр маалында текшерүү катуу болорун айткан.

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиянын Стамбул шаарында көп жылдардан бери дүңүнөн кийим-кечек алган кардарлар менен иштешкен Элмира бул карантиндик чектөөлөрдөн улам ишсиз калганын айтып кейиди.

“Мага бул чектөөлөр оор залакасын тийгизип жатат. Анткени Түркияга товар алганы келгендер жок. Дүкөндөр 18 күнгө жабылды. Мындан улам учурда ишсиз калдым десем болот. Ал эми үй кызматтарында иштеген биздин мигрант кыз-келиндерге бул чектөөлөр көп таасирин тийгизбейт деп ойлойм. Ошентсе да жумасына бир жолу эс алууга чыга албай, кыйналышы мүмкүн”.

83 миллион адам жашаган Түркияда 22 миллион киши коронавируска каршы эмделди. Түркияда негизинен "Pfizer-BioNTech" жана "SinoVac" вакциналары сайылууда.

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 27-апрелде беш миллионго чукулдады. Жалпысынан 39 миңдей бейтап коронавирустан көз жумду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG