Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Президент Садыр Жапаров көзүнө операция жасатты


Президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова.
Президент Садыр Жапаров жана аялы Айгүл Жапарова.

Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы Садыр Жапаровдун акыркы күндөрү көз айнегин чечпей жүргөнү боюнча түшүндүрмө берди.

"Президент Садыр Жапаров жакында көзүнө операция жасаткандыктан имарат ичинде күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүгө туура келди. Ага хирургиялык операцияны талап кылган көздүн алдыңкы катынын энтропиону диагнозу коюлган", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекет башчысы 11-июлга белгиленген Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо бир күн мурда резиденцияда көчмө урна аркылуу добуш берген. Расмий жарыяланган сүрөттө Жапаровдун беткап жана көз айнек тагынып турганын көрүүгө болот.

Президенттин басма сөз кызматы анда жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыктан участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурганын билдирген.

Президент 13-июлга белгиленген Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына желек тапшыруу аземине дагы катышкан эмес.

Ал жакында эле коронавируска каршы вакцина алууга дагы көз айнекчен келген. (МТа)

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG