Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Талибдер Кабулга жакын шаарды алды


Кандагар. Август, 2021-жыл.
Кандагар. Август, 2021-жыл.

Талибан кыймылы 12-августта Газни шаарын өз карамагына алды. Ушуну менен соңку бир апта ичинде талибдер онунчу провинциянын борборун ээледи. АКШнын чалгын кызматынын маалыматына караганда, Талибан Кабулду жакынкы үч айдын ичинде басып алышы ыктымал. 

Ооганстандын Коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу өкүлү билдиргендей, талибдер Газни шаарын басып алышты. Бул калаа Кабул менен Кандагар шаарын бириктирген кан жолдун боюнда жайгашканы үчүн маанилүү.

Айыгышкан салгылашуулар түштүктөгү Кандагар шаарында дагы уланып жатат. Талибдер ал жактагы түрмөнү басып алып, ичиндегилерин бошотконун жарыялашты. Бул маалыматты Эл аралык жана стратегиялык иликтөөлөр борборунун вице-президенти Сет Жонс дагы ырастады.

"Алар түрмөлөрдү басып алып, камактагыларды өз катарына кошуу үчүн бошотушту. Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн курал-жарак сактаган кампаларына кирип барып, баарын алып кетишти. Айтайын дегеним, талибдер узак мөөнөттүк согушка даярданып, курал-жабдык, адам ресурсун топтоп жатышат".

Жоочулар ошондой эле түндүктөгү Кундуз жана Шеберген шаарларындагы аэропортторду өз карамагына алышканын жар салышты.

Президент Ашраф Гани 11-августта армиянын штаб жетекчисин кызматтан алды. Ал ошондой эле Балх провинциянын борбору Мазари-Шарифке барды.

Ооганстанда талибдердин чабуулдары 1-майдан тартып күч алды. Дал ошол күнү Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалиция өз күчтөрүн чыгара баштаган. Чет элдик күчтөр ушул айдын соңуна чейин толук чыгып кетери күтүлүп жатат.

Катардагы сүйлөшүүлөр

Ал арада 12-августта Катарда талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө үч күн болду.

АКШ, Кытай, Орусия жана Пакистандын бул маселе боюнча чабармандары Дохада талибдер жана ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугуп, жаңжалды жайгаруу аракетин көрүшөт.

Катардагы Абдулла Абдулла башында турган өкмөттүк делегация талибдерден чабуулдарын токтотуп, саясий чечимге келүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылды.

Ооганстандын Казакстан менен Кыргызстандагы мурдагы элчиси Азиз Арианфар Дохадагы бул жолку сүйлөшүүлөргө үмүт артарын билдирди:

"Кандай гана болбосун, маселени дипломатиялык деңгээлде чечүү - жакшы кадам. Анткени эксперттер ооган көйгөйүн чечүү боюнча бирдиктүү аскердик чечим жок экенин айтып жатышат. Ошол себептен, бул жолу Катардагы сүйлөшүүлөрдүн айлампасы олуттуу болот. Себеби, ал жакта Орусиянын, АКШнын, Кытайдын жана башка Ооганстандагы кырдаалга таасир эте ала турган мамлекеттердин өкүлдөрү катышат".

"Талибан" Кабулду үч айда алышы мүмкүн

Американын чалгын кызматынын атын атабаган өкүлү «Рейтер» агенттигине билдиргендей, талибдер ооган баш калаасын жакынкы 30 күндүн ичинде курчоого алып, үч айдын ичинде өз карамагына алышы мүмкүн. Ошону менен катар аткаминер ооган өкмөттүк күчтөрү жетиштүү каршылык көрсөтө алса, кырдаал башка нукта өзгөрүшү ыктымал экенин да четке каккан эмес.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул маалыматка комментарий берген жок.

Талибдердин кол салуу ыргагынын тездиги расмий Кабулду жана анын өнөктөштөрүн айран таң калтырууда. 1996-2001-жылдары Ооганстандын көп бөлүгүн көзөмөлдөп турган топ «Аль-Каида» террордук тобунун башчысы Усама бен Ладенди жашырганы үчүн кулатылган. Эми бул кыймыл кайра бийликти өз колуна алууну көздөп жатат.

Бириккен Улуттар Уюму соңку бир айда гана жоочулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунан бери дегенде миңдей жайкын тургун мерт кеткенин билдирди. АКШнын президенти Жо Байден Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү боюнча чечимине өкүнбөй турганын билдирип, расмий Кабулду өз өлкөсү үчүн күрөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, Вашингтон 20 жыл ичинде 1 триллион доллардан көп каражат коротуп, миңдей америкалык аскерин жоготту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG