Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:19

Айбалаев: алдыңкы 30 жылдагы милдетибиз - Баткенди сактап калуу


Мамат Айбалаев.

Баткен облусунун түзүлүшү - эгемендиктеги эң маанилүү кадам болгон. Бирок чек аралар такталбай, Баткен облус катары каржыланбаганы - ошол убактардагы бийлик башында тургандардын негизги кемчилиги. Мындай пикирин облустун алгачкы губернатору Мамат Айбалаев "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

- Мамат мырза, Кыргызстан эгемендиктин 30 жылында эмнелерге жетишти?

- Ийгилик өтө аз. Өзүңөр көрүп турасыңар, эгемендикти алдык, бирок элибиз жетишкендикте, бактылуу жашаган жок. Дүйнөлүк банк соңку иликтөөсүндө көрсөттү: Кыргызстанда элдин бир тобу эң жакыр жашашат. Тилекке каршы, андай жакырлардын саны көбөйүп жатат. Мамлекеттин бакубаттуулугу - элдин жашоо-турмушуна көз каранды. Элдин жашоосу начар болуп жаткан чакта мамлекетибиз жакшы, өнүктү деп айта албайм.

- Жок дегенде манжа менен санап алгыдай ийгиликтер болгон жокпу?

- Кыргызстанда демократия жана сөз эркиндиги коңшу мамлекеттерге караганда бир аз жакшы болду. Муну айтып кетүү керек. Кыргыз жарандары өз оюн ачык айта алат. Туура эмес айтылса да, айтылган сынга жооп талап кылган өтө жакшы. Менимче, коңшу мамлекеттердин гана эмес, Орусиянын алдында да биз сөз эркиндигибиз бардыгы, ачык айта алганыбыз менен артыкчылыктуу болдук.


- Эгемендик учурунда Баткен өзүнчө облус болуп бөлүндү. Муну туура кадам, жетишилген ийгилик деп айтууга болобу?

- Акаевдин жалгыз жакшы иши - Баткенди өзүнчө облус кылып түзгөнү. Бирок колунда мүмкүнчүлүктөрү бар туруп, облусту карабай койду. Баткенге алгачкы губернатор болуп мен дайындалдым. Мен ал кезде Кадамжай сурма комбинатын жетектеп турган элем. Кийин уксам менин талапкерлигимди Кыргызстан Коммунисттик партиясынын мурдагы төрагасы Турдакун Усубалиев сунуштаган экен.

- Чек ара маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүгү туруп, чечпей койгон дедиңиз. Кандай мүмкүнчүлүктөр бар эле? Сиздер убагында президентке айттыңыздар беле ал тууралуу?

- Тажикстан 1992-1994-жылдарда жарандык согушту башынан кечирип жатты. Абалы абдан оор эле. Бирок ал кездеги биздин жетекчилер "Эгемендик алдык, президент болдук" деп эйфорияда жүрүп алышты. Баткенди карабай таштап коюшту. Тажрыйбасы, мамлекеттик башкаруудагы тажрыйбасы жоктугунан, экономиканы түшүнбөгөнү үчүн чек ара маселеси чечилбей калды.

СССР менен Кытайдын мамилеси бузулганда Кыргызстанга 300 танк берилген. Ал танктар Балыкчыда турган экен. Мен губернатор кезимде коопсуздук кеңешинин төрагасы Мисир Ашыркуловдон ошол танктарды Баткенге бергиле деп сурандым. Ал макулдугун берген болчу. Бирок мени кызматтан алып коюшкан соң, ал танктар Кытайга металлолом болуп сатылып кетти. Жетекчилердин көз карашы ушундай эле. Эгер ошол танктар Баткенге барып сакталып калганда, чек ара маселеси жеңилирээк чечилет эле.

Экинчиден, Баткенди каржылоо болгон жок. Лейлекке мөмө-жемишти кайра иштетүүчү фабрика курулуп, бирок каржылоо жоктугунан ишке кирбей калды. Облус аймагындагы Алтын-Жылга кенин жапондор үч жыл бою изилдеп, иштеп жаткан учурда Баткен коогалаңы болуп кетти. Кенди кайра жапондорго бербей, ар кимге сатылды. Бирок эч ким иштете алган жок. Эгер кенди жапондорго кайтарганда, ишкана иштеп, жылына 5-6 тонна алтын алууга болот эле. Муну да бийлик карабай, таштап койду.

- Алдыдагы 30 жылда Кыргызстанды кандай көрө аласыз?

- Экономиканы, айыл чарбаны көтөрсөк, мамлекет өнүгөт. Башкы эки-үч маселе: Тажикстан менен чек араны чечүү керек, экономиканы көтөрүп, ири товар өндүрүүчүлөрдү көбөйтүү зарыл.

Чек ара бүгүн чечилбесе, Лейлек жана Баткен райондорунун абалы оор. Бул аймактарга коңшулаш жашаган тажиктер тездик менен көбөйүп жатат. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ворух анклавын алмаштыруу боюнча эң туура демилге көтөрдү. Мен колдойм. Ворухка кошуп, Мачаидеги, Көк-Таштагы тажиктерди да көчүрүү керек. Варианттары бар. Антпесек, биз уттуруп коебуз.

Себеби, бүгүн Лейлекте 250 миң чамалуу, Баткен районунда 90 миңдин айланасында гана эл жашайт. Жаңы жерлерди өздөштүрүп, элдин санын тездик менен көбөйтүү керек. Лейлектин элин 400 миңге, Баткен районунун элин 150-200 миңге жеткирбесек, анда облустун келечеги кыйын абалда кала берет. Тажиктер кысымын токтотпойт.

Билесиңер, Баткендин элиндей миграцияга көп кеткен эл жок. Бишкекте, Москвада, Орусиянын башка аймактарында, азыр эми алыс-жакынкы чет өлкөлөргө кетип жатышат. Алар кайтып келбейт, ата-энеси келсе да, балдары келбейт. Муну токтотпосо эки районду жоготуп алабыз. Каналдарды куруп, ишканаларды ачып, азыр отурган элди сактап калбасак, алардын санын көбөйтпөсөк, облустун акыбалы абдан оор.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG