Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:18

Кабулдагы терактта 200дөй адам жараат алды


Жардыруудан кийин. Кабул. 27-август, 2021-жыл.
Жардыруудан кийин. Кабул. 27-август, 2021-жыл.

Кабул аэропортунда 26-августа болгон жардыруудан каза тапкандардын саны 170тей адам каза тапты. Алардын арасында 13 америкалык аскер бар.

Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө таянып жазды. Буга чейин жанкечтинин жардыруусунан 100дөй киши каза болгону кабарланган.

Ооганстандагы CBS News маалымат бөлүмү маркумдардын арасында балдар да бар экенин тактаган. 200дөй адам жараат алды. Алардын көпчүлүгүнүн абалы оор деп айтылды.

Ооруканаларда кызматкерлер талибдер бийликти басып алгандан кийин медициналык кызматкерлер жумушка толук чыкпай жатат. Ошондуктан дарыгерлер үлгүрө албай жатканы кабарланды.

Удаа болгон жардыруу Батыштын бир катар мамлекеттери Ооганстандан жарандарын жана жергиликтүү өнөктөштөрүн алып чыгып жаткан маалда болду. Кол салууну "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган радикал уюм) уюштурганын жоопкерчилигине алды. АКШнын Коргоо министрлиги 13 аскер кызматкери мүрт кетип, 18 аскер жараат алганын ырастады.

Биринчи жардыруу аэропорттун кире беришинде болду деп кабарлайт АКШнын Коргоо министрлигиндеги булактарына шилтеме берген CNN телеканалы. Экинчи жардыруу аэропорттон алыс эмес жердеги Barron отелинде болгон.

АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

Аэропорттун кире беришиндеги жардырууну жанкечти ишке ашырган. Каза тапкандардын көбү чет өлкөгө чыгып кетүүгө үмүттөнгөн оогандыктар деп айтылууда. Терактка байланыштуу АКШ президенти Жо Байден кайрылуу жасады. Ал каза тапкан америкалык аскерлерди "башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн жанын аябаган баатырлар" деп сыпаттады.

Кабул аэропортундагы америкалык аскерлер Ооганстандан эвакуацияланып жаткандардын коопсуздугун камсыздап жатышат. Байдендин айтымында, акыркы 11 күндө эвакуацияланган адамдардын саны 100 миңден ашты.

АКШ президенти кол салгандар жазасыз калбай турганын эскертти. Анын айтымында, Кабулдагы эвакуация уланат жана 31-августка чейин америкалык аскерлерди чыгаруу планы кайра карала элек.

Кабул аэропортундагы жардыруу.
Кабул аэропортундагы жардыруу.

Өткөн аптада америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу чечимин сындагандарга Жо Байден АКШ өз жарандарынын же аскерлеринин өлүмүнө "кыйратуучу" сокку менен тез арада жооп кылаарын айткан эле. Эми АКШнын Өкүлдөр палатасындагы конгрессмен Даг Коллинз Байденди ошол айтканындай чара көрүүгө үндөп чыкты.

Аэропорттун жака белинде миңдеген оогандар Кабулдан эвакуациялап жаткан каттамдарга илинип калабызбы деген үмүт менен кетпей турушат.

“Бул кишилер коопсуздукту жана эркиндикти каалашкан эле. Чыңалып турган кырдаалда жийиркеничтүү кол салуу болду”,-деди Германия канцлери Ангела Меркел.

Норвегиянын тышкы иштер министри Ине Мари Эриксен Сёрейде аэропортко кирүүгө мүмкүн болбой жаткандыктан кишилерди алып чыгууну убактылуу токтотушканын айткан эле.

Августтун орто ченинде Ооганстанда “Талибан” (Кыргызстанда жана бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган) кыймылы бийликти ээледи. Ошондон тарта Кабул аэропорту аркылуу АКШ жана анын союздаштары 100 миңдей кишинин алып чыгып кетти. Анын ичинде талибдер тарабынан өмүрү коркунучка кептелген он миңдеген оогандар да бар.

Кол салуу боюнча эскертүү

Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган кишилердин агымы 15-августта "Талибан" ооган баш калаасына көзөмөлүн орноткондон бери тыйылбай жатат.

Шаршемби күнү аэропорттун сырткы дубалдарын бойлой казылган каналдагы тизеге жеткен сууну кечип, документтерин булгалап, аба майданга кирүүгө ашыгып турган жүздөгөн оогандыктардын видеосу тарады.

Аэропортту америкалык жана британ күчтөрү кайтарса, аба майданга алып бара турган жолду "Талибан" көзөмөлдөп жатат.

Акыркы 12 күндүн ичинде бул аэропорттун айлана-тегерегинде башамаландык орун алып, бир нече адамдын өмүрү кыйылган. Белгисиз куралдуу топтор менен атышуу да болгон эле. Андан бери Кабул аэропортунда кол салуу болушу мүмкүн деген тынчсыздануулар жаралып келет.

Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган кишилердин агымы 15-августта "Талибан" ооган баш калаасына көзөмөлүн орноткондон бери тыйылбай жатат. Кабул аэропорту.
Ооганстандан чыгып кетүүнү каалаган кишилердин агымы 15-августта "Талибан" ооган баш калаасына көзөмөлүн орноткондон бери тыйылбай жатат. Кабул аэропорту.

25-августта АКШнын Кабулдагы элчилиги Ооганстандагы америкалык жарандарды аэропорттун аймагына келбей турууга, кокус аба майданга келгендери болсо, тез арада артка кайтууга чакырды жана буга "коопсуздукка байланыштуу коркунучтарды" жүйө келтирген. Аны улай Улуу Британия менен Австралия да ооган жергесиндеги жарандарына ушундай шашылыш кайрылуу жолдоп, аэропорттун аймагында террорчул чабуул болушу мүмкүндүгүн эскерткен эле.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Ооганстанда эл аралык күчтөргө "Ислам мамлекети" террордук тобунун "Талибанга" каршы турган жергиликтүү бутагы коркунуч жаратып жатканын айткан. Мындай эскертүүлөргө карабастан, аэропортто эл көп болгон.

Кабулда Ооганстандан чыгып кетүүнү көздөп жаткан Батыш мамлекеттеринин жарандарынын саны канча экени так белгисиз. Айрым маалыматтарга ылайык, ушул тапта Ооганстанда колунда АКШнын паспорту жана визасы бар кеминде 1,5 миңдей адам аба майданына кирүүгө аракет кылып жатат.

Аба майданга ашыккан чет элдиктер да, ооган жарандары да август айы аяктагыча өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөп турушат. Буга чейин талибдер эл аралык күчтөр 31-августтан кийин да Ооганстанда кала беришине каршы экенин билдирип, эвакуация менен аскерлерди чыгаруунун мөөнөтү узара турган болсо, анда ал кызыл чектен өткөндүк болоорун эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG